Алыкул Осмонов Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы


Download 20.85 Kb.
bet2/3
Sana16.06.2023
Hajmi20.85 Kb.
#1506370
TuriРеферат
1   2   3
Bog'liq
Алыкул Осмонов

Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн .
Мугалим сөзүн улантат: Мына быйыл Алыкулдун 100 жылдыгы белгиленип жаткан учурда, ушул сабагыбызда акындын буудандай таскактаганына күбө болуудасыңар. Мындай ыр саптарын улуу акын Алыкул гана жаза алат.
Окуучулардын ойлору суралат
Мугалим: Алыкулга арналган ар бир сабак методист Б.Алымов агайыңар айткандай: “…ыр менен башталып, ыр менен бүтүүгө тийиш…” Н.Байтемировдун “Алыкулга” деген ырын көркөм окуу менен сабакты баштагым келип турат.
Көркөм окуу:
Койчу досум мени акын дебечи,
Мени акындын улпагына теңечи.
Кыргызыңда кандай сонун акын бар!
Десең келет, Алыкулдун элеси.
Жатса дагы жер астында денеси,
Жанда турат, ыр канаттуу элеси.
О, досум ай, акын болгуң келеби?
Талантыңды Алыкулга теңечи!.
Мугалим суроо узатат: 1. Ушул ырды укканда силерде кандай сезимдер пайда болду?
2. Насирдин Байтемиров деген ким?
3. Атактуу акын Насирдин Байтемиров “мени акын дебечи”, ”кыргызыңда канчалаган акын бар”, “талантыңды Алыкулга теңечи” — деп жатат. Бул ыр cаптарынын сыры эмнеде?
Окуучулардын ойлору суралат да, “Алыкулга арноо кеп” минутасы (5 мүнөт) жарыяланат. Окуучулардын ойлору, ырлары, эссе, арноолоруна орун берилет. Мыктылары дубал-газеталарга сунушталат.
Мугалим көркөм окуйт:
Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар
Узак, узак, узак, болсун бул сапар,
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу күндөр бар –
демекчи, мына бүгүн биз алп акын Алыкул менен ушул сабакта дагы бир жолу (шарттуу түрдө) жолугушуп, өзү айткандай “кайра кайтып жолугушчу күндөрдө” кездешип отурабаз.
Эмесе, бүгүнкү сабагыбыз.
Түбөлүктүү ыр калтырган акынга
Бир сабакта бизден койгон гүл десте – болсун.
Мен тансам, жаштан танам ырдан танбайм
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм – дейт акын.
Улуу акын өз өмүрүн ырга гана арнаганын, өмүрүн ырсыз элестете албай турганын мугалим баса белгилейт да, сабактын нугун Алыкул Осмоновдун жеке турмушуна, чыгармачылык менен айкалышкан өмүр жолуна бурат.
Окуучулар 10-класска чейин Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө маалымат алышкан. Ошондуктан аларды кайталап отурбастан улуу таланттын башка акындарга окшошпогон бөтөнчүлүгүнө, акындын устаттыгына, жеке тагдыры чыгармачылыгы менен тыгыз байланыштуулугуна, новаторлугуна кеңири токтолуу керек.
Акындын жеке тагдыры аркылуу анын поэзиясына сүңгүп кирүү (сабак поэзия) сабактын башкы максаты экендигин айтып, сабакты андан ары улантабыз.
Бул проблемалуу суроо-жооптор аркылуу жүргүзүлсө, натыйжалуу болорун өз тажрыйбабыздан көрдүк.
1—суроо: Таланттуу акын Алыкул Осмонов 35 жыл гана жашады. Ушул жылдар аралыгында жеке турмушунда кейиштүү, аянычтуу жоготууларды башынан өткөрдү.
Алар кандай жоготуулар? (окуучулар түрдүү ойлорду айтышат, айтылган ойлор топтоштурулат). Акын ымыркайынан апасынан, үч жашында атасынан ажыраган. Аталаш агасы аны жетим балдар үйүнө өткөрөт. Ал киндик каны тамган туулган жеринен да айрылат, бөтөн жерде, чоочун жерде тарбияланганын окуучулар айтышат, демек
Биринчи жоготуу
Ата-энесинен, туулган жеринен айрылганы акындын жүрөгүндөгү айыкпаган дарты. Бул акындын балалык мезгилдеги жоготуусу эле.
Окууучуларга акындын ар кайсы жылдарда жарыяланган китептери таратылат да, окуучулардан акындын ата-энесиз калып, балдар үйүндө тарбиялангандыгы ырларында көркөм чагылдырылгандыгын табуу тапшырылат.
Ырлардан үзүндүлөр окулат
..Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап бышып, далай кыйын кездерге…
Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
Начар экен бат оңолсун, бала”- деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан…
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин…
(Окуучулардын ойлору суралат)
2-суроо 
Төмөнкү ыр саптары акындын өмүр жолунун кайсы учурун айтып турат?
Мугалим көркөм окуйт

Download 20.85 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   2   3




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling