Алыкул Осмонов Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы


Download 20.85 Kb.
bet1/3
Sana16.06.2023
Hajmi20.85 Kb.
#1506370
TuriРеферат
  1   2   3
Bog'liq
Алыкул Осмонов



РЕФЕРАТ

Тема: Алыкул Осмонов – Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы




Аткарган: Алгожоева С.Т.
Текшерген: Макеева Г.А.

Түбөлүктүү ыр калтырган акынга
Бир сабакта бизден койгон гүл десте.
Таланттуу акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына мектеп программасында кеңири орун берилген. Анын чыгармалары адабий билим берүүнүн бардык баскычтарында өздөштүрүлөт. 5-класстан башталган окуу материалдары улам класс жогорулаган сайын тереңдетилип, кеңири талдоого алынып, акындын залкар талант экендигине окуучулар күбө болушат. Бирок акындын поэзияны ыйык тутуп, туу тутуп жашаганын нукура турмуш чындыгын жазгандыгын, ырларында анын өмүр таржымалы катылып жатканын жана Алыкулдун бөтөнчөлүгүн, жаңычыл новаторлугун 10-класстын окуучулары аң-сезимдүү түрдө өздөштүрүшөт, өз алдынча баа берип, талдай алышат. Анткени дал ушул куракта окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсү, дүйнөгө болгон көз карашы калыптанат. 10-класста кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун өмүр баяны, чыгармачылыгына 7 саат бөлүнгөн. Акындын өмүр баянын окуучуларга кеңири түшүндүрүү максатында эң алгач киришүү сабагы өтүлөт.
Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар Алыкул Осмонов жөнүндөгү түшүнүктөрүн тереңдетишет. Акындын өмүр таржымалы, жеке турмушу ырларынын жаралышына негиз болгондугун байкашат, түшүнүшөт. Ырларынын идеялык мазмунун аныкташат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Акындын поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, кыскалык менен тактыкты, конркреттүүлүктү далилдүү мисалдар менен талдоого жетишишет.Лирикаларын көркөм окуу менен акындын тагдыры, башынан өткөргөн армандуу өксүк, көңүл чөккөн маанайын, өз чыгармаларында устаттык менен чагылдыргандыгын байкашат. Өз чыгармаларына болгон мамилесин, өктөм талабын ачык-айкын мисалдар менен далилдүү түшүнүүгө үйрөнүшөт.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Алыкул Осмоновдун ырлары да, өмүрү да жаштар үчүн үлгү экендигине ынанышат, тарбиялык маанисин аныкташат. Акындын тирүүлүктөн үмүт үзбөгөн оптимистиги чындыкты таамай айткан кеменгерлиги окуучуларга үлгү.

Сабактын жабдылышы: Акындын портрети. Алыкул акындын ыр китептери, слайд, өмүрү, чыгармачылыгы боюнча түрдүү сүрөттөр, обондуу ырлары жазылган дисктер кластер, буклеттер альбомдор жана интерактивдүү доска.
Сабактын тиби: Киришүү сабагы
Сабактын формасы: Сабактын активдүү формасы — стандарттык эмес сабак. Лира – сабагы (же сабак-поэзия).
Сабактын методу: Интерактивдүү, көрсөтмөлүү, китеп менен иштөө методдору.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Жагымдуу жагдай түзүү. Улуу акын, алп акын Алыкулга арналган киришүү сабагында Алыкулдун ысымы жазылган карточка таратылат. Алыкул деген ысымдын ар бир тамгасына анын сапаттарын, ырларынан үзүндүлөрдү чыгармачылык менен жазуу жагы тапшырылат .Мисалы,
А — аалам алпы Шекспирдей күч менен,
Л — лирикалуу ырлар жазат сүйүктүү,
Ы — ырына бир да жолу калп айталбайт,
К — кудайга миң мертебе калп айтса да,
У — ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,
Л — лирик акын, өлбөс акын — Алыкул.
Жаңы тема: Интерактивдүү доска менен иштөө жүргүзүлөт. Акындын портрети интерактивдүү доскадан көрсөтүлөт да, акынды ким канчалык билет? — деген суроо окуучуларга узатылат. Окуучулардын жоопторунун негизинде кластер түзүлөт.
Окуучулар билгендерин айтышат, мугалим же бир окуучу интерактивдүү доскага жазып кластер түзөт. Ошентип 10-класстын окуучулары А.Осмонов жөнүндө көп маалыматтарды билише тургандыгы аныкталат.
Алыкулдун өмүрүнө, чыгармачылыгына арналган слайд көрсөтүлөт.
угалимдин сөзү: Ошентип, балдар өзүңөр билгендей бүгүн биз сөз өнөрүн ыйык туткан, ”Танса бардыгынан танган, бирок ырдан танбаган, ыры жок өмүрүнө канааттанбаган”, жашоо турмушка ыр менен келип, ыр менен кеткен, өмүрү ырга айланган, алп акыныбыз, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмонов жөнүндө сөз кылабыз. (Төмөнкү ыр көркөм окулат)
Таштан болоор ,кумдан болоор,төшөгүм
Аз болсо да,сыртта калаар сөздөрүм,

Download 20.85 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
  1   2   3




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling