Тест,5-11кл жообу мн


 1949-ж. НАТО блогуна мусулман дүйнөсүнөн кайсы мамлекет кирген? а) Иран б) Ирак в) Сирия г.) Түркия 416


Download 304.33 Kb.
Pdf ko'rish
bet30/31
Sana30.04.2023
Hajmi304.33 Kb.
#1411427
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   31
Bog'liq
тест,5-11кл.жообу мн

415. 1949-ж. НАТО блогуна мусулман дүйнөсүнөн кайсы мамлекет кирген?
а) Иран б) Ирак в) Сирия г.) Түркия
416. Түркия Республикасынын биринчи президенти:
а) Тургут Озал б.) Мустафа Кемаль в) Абдул Меджид г) Мустафа Субхи
417. XX к. экинчи жарымында Европадагы социалисттик өлкөлөрдүн оппозициялык
күчтөрү ................................. ураанынын алдында чыгышкан. а) “ленинизмге кайтып
келүү” б.) “социализмди жаңылоо” в) “батыштын демократиясын кайра
калыптандыруу” г) азыркыдан башка режимдерден бардыгы жакшы”
418. “Элдик демократия” режиминин калыптанышынын объективдүү факторлордон
бирөө - cубъективдүү. Бул - ............................а) “фашисттик мурастан” арылууга умтулуу
б) экономиканы кайрадан калыбына келтирүү проблемасын чечүү үчүн улуттун бардык
күчтөрүн бириктирүү зарылчылыгы в) демократиялык реформаларды жүргүзүүдө
калктын ар кандай социалдык катмарларынын таламдарынын төп келиши г.) Кызыл
Армиянын дайыма болушу, Советтер Союзунун партиялык-мамлекеттик
жетекчилигинин басым жасоосу
419. Социализмдин дүйнөлүк системасынын кризисинин жыйынтыгы кандай?
а) Колониализмдин акыркы очогу жоюлду б) Реформалар, “баркыт”
революциялары, Варшава Келишими Уюму жоюлду в) Өнүгүп келе жаткан жана
өнүккөн өлкөлөрдүн ортосундагы карама-каршылык курчуду г) Азыркы
учурдагы глобалдуу проблемалар күчөдү
420. СССР, Великобритания жана АКШнын жетекчилери Ялта конференциясында
чыгарган чечимден үзүндүнү окуп чыгып, сөз кайсы уюм жөнүндө болгонун
белгиле.“Биз, тынчтыкты сактоо максатында эл аралык уюмду түзүү керек деп
эсептейбиз. Биз агрессияны болтурбоонун алдын алууну ошондой эле согуштун
саясий, экономикалык жана социалдык себептерин бардык тынчтыкты каалаган
элдер менен дайыма тыгыз жана тынымсыз иштеген кызматташтык жолу аркылуу
жетишүүгө болот деп эсептейбиз”.
а.) БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) б) ЭЭУ ( Эл аралык Эмгек Уюму) в) ЮНЕСКО (БУУ билим
берүү, илим жана маданият боюнча) г) БДУ (Бүткүл дүйнөлүк Ден соолук Уюму)
421. Сунуш кылынган окуялардан хронологиялык акыркысын белгиле.
а) Чехословакия жок болду б) Гитлер Австрия мамлекетин толугу менен жок кылуу
планын бекиткен в.) СССР менен Германия 10 жылдык мөөнөткө кол салышпоо
жөнүндө келишимге кол койгон г) Гитлер менен Муссолини “Болот пактысына” кол
коюшкан


422. Кариб кризисинин жыйынтыгы ..................................... болгон.
а) Фидел Кастронун жетекчилиги менен Кубадагы революция б) Берлин дубалынын
тургузулушу в.) 1963-жылы ядролук куралдарды абада, космос мейкиндигинде жана
суу астында сыноого тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгы г)
экономикалык өз ара жардамдашуу Советинин түзүлүшү
423. Боордоош Чехословакияда “ревизионизмдин” бекемделишине жол бербеш үчүн
1968-ж. августта кайсы өлкөлөрдүн аскерлери киргизилген?
а) СССР, Венгрия, Польша, Болгария, Югославия б.) СССР, Венгрия, ГДР, Болгария,
Польша в) СССР, Польша, Болгария, ГДР, Румыния г) СССР, Польша, Венгрия,
Югославия, Албания д) СССР, ГДР, Румыния, Югославия, Албания
424. 1970-жылдардын башында Советтер Союзунда экономиканы уюштуруунун жана
башкаруунун негизин кандай принцип түзгөн?
а.) Сөзсүз жана баарын камтыган пландуулук б) Совет экономикасынын пландуу жана пландан
тышкаркы формасы удаалаш колдонулган в) Экономикада пландуулуктун жана эркин рыноктун
артыкчылыктарын айкалыштыруу г) 70-жылдардын башында Советтер Союзунда “жапайы
рынок” колдонулган, бул учурда бекем борбордоштурулган пландуу ыкма аяктап, ал эми рынок
механизми али ишке кире элек болучу
425. “Кайра куруунун” этаптарынын ыраатуулугу туура катарды белгилегиле.
а.) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү жана маалымдуулук саясатын
жарыялоо, “демократиялык, гумандуу социализмди” куруу багыты, көп партиялуулукту
бекемдөө
б) маалымдуулук, “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы, көп
партиялуулук, тездетүү
в) “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы, көп партиялуулук, тездетүү,
маалымдуулук
г) көп партиялуулук, тездетүү, маалымдуулук, “демократиялык, гумандуу
социализм” идеясы
426. 1960-ж. ортосунан 1980-жж. биринчи жарымына чейин СССРдин Батыш Европа
өлкөлөрүндө социалисттик түзүлүштү сактап калуу максатында өткөргөн тышкы саясат курсу –
бул “............................. доктринасы” деп аталган.
а) Андроповдун б) Хрущевдун в.) Брежневдин г) Сусловдун
427. 1991-жылы 19-августта эмне үчүн ӨКМК (өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик
комитет) түзүлгөн?
а) 17-августта М. С. Горбачевдун ден соолугунун абалы кескин начарлаган
б) 18-августта М. С. Горбачев өз полномочиясын вице президентке өткөргөн
в.) 20-августта жаңы Союздук келишимге кол коюлмакчы болгон
г) Балтика республикаларынын проблемаларын чечүү үчүн

Download 304.33 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   31




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling