Тест,5-11кл жообу мн


 СССРдин биринчи жана акыркы президенти: а.) М. С. Горбачев б) В. В. Бакатин в) Б. Н. Ельцин г) В. В. Путин 429


Download 304.33 Kb.
Pdf ko'rish
bet31/31
Sana30.04.2023
Hajmi304.33 Kb.
#1411427
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   31
Bog'liq
тест,5-11кл.жообу мн

428. СССРдин биринчи жана акыркы президенти:
а.) М. С. Горбачев б) В. В. Бакатин в) Б. Н. Ельцин г) В. В. Путин
429. Кайсы советтик республика өзүнүн көз карандысыздыгын биринчи жарыялаган?
а.) Литва б) Эстония в) Украина г) Армения
430. Азыркы мезгилдеги тарыхчынын эмгегинен үзүндүнү окуп, кайсы окуя жөнүндө
жазылгандыгын белгиле. “Радиоактивдүү чалдыгуу .............. Украинанын, Белоруссиянын жана
Россиянын көп райондорунун 200 миң квадрат километр аймагын каптады. Радиоактивдүү
фонддун жогорулашы башка өлкөлөрдө: Польшада,Румынияда, Югославияда, Норвегияда,
Финляндияда, Швецияда жана ошондой эле алыскы Бразилия менен Японияда да белгиленген”.


а) Чернобыль АЭСи б) Курск АЭСи в) Смоленск АЭСи г) Днепр АЭСи
431. Туура айтылган сапты тапкыла.
а) СССРдеги саясий реформалар КПССтин кадыр-баркынын өсүшүнө алып келди.
б.) Саясий реформалардын жыйынтыгында КПССбийликтеги монополиясын жоготту.
в) СССРдеги саясий реформалардын жыйынтыгында КПССтин мүчөлөрүнүн саны көбөйдү
г) СССРдеги саясий реформалар КПССтин ишмердигин даңазалады
432. ММКнан төмөнкү үзүндүнү окуп чыгып, андагы жазылган окуя кайсы
жылы болгонун белгиле.
Такталган маалымат булактарынын билдирүүсү боюнча СССРдин Президенти М. С. Горбачев
“ден соолугунун абалынын начардыгына байланыштуу малекеттик башкарууга жараксыз болуп”
ӨКМК ( Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет) тарабынан 19-августтун түнүндө
бийликтен алынып, азыр Крымдагы эс алуу үйүндө үй камагы абалында”.
а) 1990-ж. б.) 1991-ж . в) 1992-ж. г) 1993-ж.
433. Өкмөт жетекчилерин алардын түзгөн концепцияларына дал келтиргиле.
А) М. С. Горбачев
1) коомдо саясий стабилдүүлүккө жетишүү
Б) Л. И. Брежнев
2) “жаңыча саясий ой жүгүртүү”
В) В. В. Путин
3) “өнүккөн социализм” концепциясы
Г) В. И. Ленин
4) дүйнөлүк революция идеясы
а.) А-2, Б-3, В-1, Г-4 б) А-3, Б-1, В-2, Г-4 в) А-1, Б-2, В-3, Г-4 г) А-4, Б-3, В-2, Г-1
434. СССРде кайра куруу мезгилинде экономикалык реформалардын мүнөзү кандай?
1) Экономикада жекече секторду түзүү 2) Мамлекеттик менчиктерди приватташтыруу
3) Фермерлердин пайда болушу 4) Арендалык мамилелерди киргизүү
а) 2, 3, 4 б) 1, 2, 4 в) 1, 2, 3 г.) 1, 3, 4
435. СССРдин жетекчилеринин аты-жөнүн бийликте турган мезгилдери
менен дал келтиргиле.
А) Ю. В. Андропов
1) 1953-1964-жж.
Б) Н. С. Хрущёв
2) 1964-1982-жж.
В) М. С. Горбачев
3) 1982-1984-жж.
Г) Л. И. Брежнев
4) 1985-1991-жж.
а.) А-3, Б-1, В-4, Г-2 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4 в) А-4, Б-3, В-2, Г-1 г) А-2, Б-4, В-1, Г-2
436. Совет мамлекетинин жетекчилеринин биринин сөзүнөн үзүндүнү окуп чыгып, аты-жөнүн
белгиле.
“ Кымбаттуу мекендештер! .................. Мен республикалардын суверендүүлүгүнө, элдердин көз
карандысыз жана өз алдынча болуусуна бекем тургам. Бир эле мезгилде союздук мамлекеттерди
сактоо менен, өлкөнүн бүтүндүгүн колдогом. Окуянын өнүгүшү башка жолго түштү. Өлкөлөр
бекемдеп, малекеттердин бөлүнүүсү күч алды, мен ага макул боло албайм”.
а) Н.С. Хрущёв б) Ю.А. Андропов в.) М.С. Горбачёв г) Л.И. Брежнев


437. СССРде кайра куруу мезгилинде саясий системада кандай өзгөрүүлөр болгон?
1) СССРдин эл депутаттарынын съезди чакырылган
2) Мамлекеттик Дума түзүлдү
3) Өлкөгө Президенттик кызмат киргизилген
4) Конститутциянын 6-статьясы алып салынган
а) 2, 3, 4 б) 1, 2, 4 в.) 1, 3, 4 г) 2, 3
438. 1970-жылдан 1980-жылдардын ортосуна чейинки СССРдин коомдук-саясий турмушун кайсы
белгилер мүнөздөйт?
1) Партиялык-малекеттик аппараттын санын кыскартуу
2) Башкача ой жүгүртүүчүлөр менен күрөшүүнү күчөтүү
3) И. В. Сталиндин жеке адамга сыйынуусун сындоону жаңылантуу
4) Ички саясий абалды стабилдештирүү
5) Альтернативдүү шайлоолорду өткөрүү
6) Партиялык номенклатуранын ролун күчөтүү
а) 1, 2, 5 б) 1, 4, 6 в.) 2, 3, 6 г) 4, 5, 6
439. Жаңыча ой жүгүртүүнүн негизинде кандай жетишкендиктер болду?
1) Орбиталык бирдиктүү станцияны куруу башталды
2) Араб-израилдик чыр-чатактарды чечүү жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды
3) Ядролук куралдарды жана толук класстагы ракеталарды кыскартуу
4) “Темир көшөгөнү” калыбына келтирүү башталды
а) 1, 2 б) 3, 4 в.) 2, 3 г) 1, 4
440. СССРде айкындуулук саясаттын жыйынтыгы ..............................болгон.
а) Сталиндик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоону баштоо
б) социалисттик коомдун тарыхына кызыгуунун төмөндөшү
в) мамлекеттик жашыруун сырларды алып салуу
г.) коомдун тоталитардык системанын маңызын түшүнүүсү
441. 1985-1991-жж. тиешелүү СССРдин тышкы саясатында кайсы маанилүү иштер
болгон?
А) Европадагы социалисттик өлкөлөрдөн куралдуу күчтөрдү алып салуу
Б) Кубага советтик ракеталарды жайгаштыруу
В) АКШ менен орто жана алыскы аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишим
түзүү
Г) Венгрияга советтик куралдуу күчтөрдү киргизүү
Д) Афганистандан куралдуу күчтөрдү алып чыгуу
а) А, Б., В. б.) А, В, Д. в) Б, В, Г. г) Б, Г, Д.

Download 304.33 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   31




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling