62
Ар түрдүү түшүнүктөрдү туюндурган этнографиялык
Диалектизмдер
Талдоого алынган тематикалык топтордон тышкары ар
кайсы түшүнүктөрдү билдирген
диалектизмдерден бирин-экин
сөздөр учурайт. Аларды өзүнчө бир топко бириктирип кароону
оң көрдүк.
Газала - «торгой сымал келген, өңү кызгыч, тумшугу жана
канаттарынын учтары сары чымчык». Ж.Мукамбаевдин
сөздүгүндө
газала. лейл. «торгой
сымал келген чымчыктын
түрү» [112:376];
198
газалай. зам. «көбүнчө адырларда жашай
турган канаттуунун аты» [112:377]
199
деп белгиленген. Бул сөздү
М.Үсөн «Сакылар жери» тарыхый романында жоокерчилик
замандын көр азабынан ыңгайлуу конуш издеп,
жер кезип
жүргөн Сакыбий нойгуттарды, өз туугандарын табар алдындагы
жаздын пейзажын тартууда орундуу урунган:
Торсогой
дөбөлөрдүн күнгөй беттеринде жаз белгиси жышаан берип, боз
торгойлордун жылт эте көрүнө калганы, газаланын безеленген
үнү угулат (Н.С. «Х.Ш.»,49).
Амеки - «ата жагынан кыйыр, алыс эркек туугандардын өз
ара туугандык катышы»:
Согуш бүткөнчө, бекер тамак менен
багып туралыбы? Жок, амеки! Эртеңден баштап душман менен
согушууга даярданасың, он күндөн кийин пронтко жөнөйсүң
(М.Г. «Д.ш.», 76).
Do'stlaringiz bilan baham: