Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet37/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

рс» эмес гелес түрүндө 
айтылат. Орфографиялык норма катары гилас түрү сунушталып 
жүрөт [76:130].
184
Түштүк диалектилеринде ар түрдүү тыбыштык 
түзүлүштөрдө 
айтылгандыктан, 
адабий 
орфографиялык 
вариантын, балким, кайра карап, эне тилибиздин фонетикалык 
өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген, сингармонизм закону сакталган 
гелес түрүн адабийлештирүү дурустур.
Этнографиялык 
диалектизмдер 
предметтерди, 
көрүнүштөрдү туюндуруп, атоо (номинативдик) кызматта келген 
менен, көркөм чыгармаларда эстетикалык жүк көтөрүп, 
«стилистикалык мүмкүнчүлүккө» [80:118]
185
ээ болот. 
Сөз чеберлери аларды өтмө мааниде да колдонушат. 
«Өтмө мааниде жана көркөм сөз каражаты (троп) катары 
колдонушканда «диалектизм өзүнүн экспрессивдүүлүгүн күчөтөт 
жана кошумча стилистикалык мааниге ээ болот. Адабий 
чыгарманын текстинде мындай диалектизм белгилүү көркөм 
образдын борбору болуп, көбүрөөк эстетикалык функция аткара 
баштайт» [101:115]:
186
-Эми ал жерлерди көрмөк кайдан? Кулун 
туйлаткан городой балалыгыбыз калды ал жерлерде (Н.С. 
«Х.Ш.», 34)., Жаш кыздар, мөлтүрөгөн мончок кыздар, Ү Жаңы 
183
Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык създ\г\. I т. Оёд., тол. 2-бас. –Ф.: Илим, 1976. -403-404-б-р. 
184
Карасаев Х. К. Орфографиялык създ\к. –Ф., 1993. -130-б. 
185
Кожина М. Н. Стилистика русского языка. –М.: Просв., 1977. -118-б. 
186
Мамытов Ж. Диалектизмдердин стилистикалык функциялары // Ош мамлекеттик университетинин жарчысы. -2004. 
-№ 3. –115-б. 


56 
бышкан гиластай кызыл кыздар  (К.С.«Кер.», 37). 
Демек, этнографиялык диалектизмдер да жазуучуга көркөм 
троптун, синтаксистик фигуралардын түрлөрү сыңары тилдик 
каражат болуп бере алат. 
Гүлсөвгар сөзү Ж. Мукамбаевдин сөздүгүндө «ит мурун 
сымал келип, ар түрдүү гүл ачкан, тикенектүү жыгач 
өсүмдүгүнүн аты» деп түшүндүрүлүп, колдонулган жеринде 
Лейлек району көрсөтүлгөн [112:434].
187
Чыгармаларда да 
жергиликтүү флоранын аты иретинде учурайт: Жайык жер 
экен» деп, бир чоң түп, жалгыз гүлсөвгардын түбүнө 
жайгашып, нарыдан-бери палатканы тигип, казан асып, кечки 
тамакка даярдык көргөнү атканбыз (Н.С. «Х.Ш.», 165).
Биздин баамыбызда, ал -жапайы роза гүлү өсүмдүгү. 
Декоративдик түрлөрүнө караганда гүлдөрү майдараак. М. 
Гапаров аны «адабийлештирип» (мүмкүн редактордун таасири 
болгондур) жапайы роза деп колдонгон: Тал, чычырканак, ит 
мурун, жапайы розалардын арасында мурдагыдай эле булбул 
уялап, кекилик, чил, кыргоол, коңн сыяктуу жан-жаныбарлар 
жатагы көбөйгөн (М.Г. «Д.ш.», 6). Буга караганда гүлсөвгар 
сөзүн ботаникалык термин катары колдонсо болгудай. 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling