Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet34/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Дализ (далис түрүндө Тянь-Шань, Чүй говорлорунда да 
учурайт [111:505]
175
) – жети жыгачтуу болгон оозгу, кире 
бериштеги бөлмө.
Үбаса - үйдүн үстүнө коюлган торсундардын араларына 
терилип тыгыз жаткырылган, шып жагы жаа түрүндө, үстү 
жалпак же эки тарабы тең жалпак формалардагы курулуш 
жыгачтары.
Жазуучу Н.Сайдуллаев карыяларды, меймандарды он бир 
жыгачтуу, болгондо да, кызгыч түстүү соор арча үбасалүү (Үбаса 
көбүнчө талдан, карагайдан даярдалат, арчадан жасоо сейрек.) 
бөлмөдө сүрөттөп, этнографиялык кылдат тактыкка чейин 
барган. Булар натуралдык этнографизмге умтулуу эмес, 
жазуучунун жергиликтүү турмушту жакшы билип, зарыл 
диалектизмдерди ылгай алгандыгы.
175
Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык създ\г\: I т. –Ф.: Илим, 1972. -505-б. 


53 
Дагы бир мисал келтирели: Кошмок өскөн талым бар, Кош 
арактуу тамым бар (Н.С. «Х.Ш.», 145). Арак диалектизми - Ж. 
Мукамбаевдин сөздүгүндө Лейлек районунда 1) үйдүн ич 
жагына, торсундарынын астына, пайдубалдын (фундамент) 
үстүнө коюлуучу 30-40 см. чамасында эни бар, оймо чийме 
түшүрүлгөн, ар кандай элестер тартылган тактай; 2) жыгачка 
түшүрүлгөн оймо чийме жана Заминде 3) «чаркардын» арасына 
коюлуучу чабак жыгач деген маанилерде жолугары катталган 
[112:91].
176
Эскерте кетүүчү нерсе түштүк батыш диалектиде, 
анын ичинде Лейлек районунда арак сөзү пайдубалдын үстүнөн 
эмес үйдүн ичинен дубалдын үстү, торсундардын учтарынын 
асты жагына тегерете коюлган, кештеленген тактай деген 
мааниде. Усталар чеберчилигин, адамдар дөөлөтүн көрсөтүү 
үчүн аракты кабаттап, кош арактуу үйлөрдү салышат. Жазуучу 
кош арактуу этнографиялык диалектизмди каармандын ички 
психолгиясын, мактанычын туюндуруу үчүн колдонуп жатат.
Кыскасы, 
көркөм 
чыгармаларда 
этнографиялык 
диалектизмдердин колдонулушу «аргасыздан» болот [97:90].
177
Анткени алардын жергиликтүү колоритти берүү кызматы 
басымдуу. Эгер жогоруда сөзгө алынган үй курулушуна 
байланыштуу диалектизмдерди жазуучулар колдонушпаган 
болсо, сүрөттөлүп жаткан региондун элинин турмуш-тиричилиги 
реалдуу чыкмак эмес.

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling