Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети
Килемчиликке байланыштуу этнографиялык
Download 0.85 Mb. Pdf ko'rish
|
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014
- Bu sahifa navigatsiya:
- Жүл гилем
Килемчиликке байланыштуу этнографиялык
диалектизмдер Килемчилик – кыргыз элинин материалдык маданияты гана эмес, эстетикалык табитин, көркөм ой жүгүртүүсүн чагылдырган колдонмо көркөм чыгармачылык. Кыргыздардын килемчилик искусствосу кандайча пайда болуп, кандайча өнүккөндүгү жөнүндөгү маселе али кеңири изилдене элек. Бирок бул кол өнөрчүлүк көп убак мурда пайда болгондугун, анын кыргыздардын ичкилик тобунда кеңири таралгандыгын этнографтар менен искусство таануучулар айтып келе жатышат жана бир катар этнографиялык мүнөздөгү эмгектер жазылган [12:67, 8:376-377]. 171 Килемчиликке байланыштуу Баткен жана Лейлек аймагындагы элдик терминдер Ш.Жапаровдун «Лейлек говорунун лексикалык өзгөчөлүктөрүнөн» деген макаласында лингвистикалык планда алгач изилдөөгө алынган [64:127-137]. 172 Ичкилик кыргыздарына мүнөздүү болгон килемчилик терминдеринен төмөнкүдөй сөздөрдү келтирүүгө болот: жүл гилем, токмок, күзүк, күчүк, көчөт ж. б. 170 Жапаров Ш. Лексические особенности Ляйлякского говора киргизского языка: Автореф. дис. ...канд. филол. наук. – Ф., 1969. -15-19-б-р. (20 б.). 171 Антипина К. И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов. -Ф., 1972. -67-б. (228 б.); Абрамзон С. М. Киргизи и их этногенетические и историко-культурные связи. –Л.: Изд-во Ленинградскоё отд, 1971.-376-377-б-р. ж.б. 172 Жапаров Ш. Лейлек говорунун лексикалык ъзгъчъл\ктър\нън // Кыргыз тили боюнча изилдъълър. –Ф.: Илим. 1970. - 127-137-б-р. 51 Жүл гилем – килемдин байланган түр жиптери узун келип, өтө таарып кыркылбаган, калың согулган түрү [112:638]. 173 Токмок – килемдин, таардын эришине аркак өткөндөн кийин уруп бекемдөө үчүн атайын жыгачтан учу тишке окшоштурулуп (эриштин араларына кире тургандай кылып) бөртүлүп жасалган шайман. Күзүк – эриш жиби жүгүрүлүп бүткөндөн кийин, анын үстүнөн 5 см.дей өйдө эриш менен күзүктүн аралыгы көтөрүлүп, туурасынан жаткырылган жумуру жыгач (диаметри 10 см.). Күзүккө эриштин ар бир астынкы жиби, бышык ичке жип менен илинип байланып, эриштин чатышы сакталат. Килем улам токулган сайын күзүк алга карай жылдырылып турулат. Жазуучу Н.Сайдуллаевдин килемчиликке тиешелүү диалектизм терминдерди чеберчилик менен пайдаланганын көрөбүз: - Бар болуң, -деди Мурат да. Анан төргө өтүп, жүл гилем үстүнө калың салынган макмал көлдөлөңгө малдаш токунуп отурду (Н.С. «Күн б.», 121)., Усталар катыраң жыгачтарынан чөмүч, кашык, челек, токмок, гүбү жасап, башка жактарга сатып байышыптыр (Н.С. «Х.Ш.», 510). Келтирилген биринчи мисалда жазуучу жүл килем лексемасын чыгармада баяндалып жаткан ичкилик кыргыздардын үй жасалгасын сүрөттөөдө жумшап, этнографиялык тактыкка жетишти. Экинчи мисалда болсо жергиликтүү элдин өткөн турмушунда кеңири өнүккөн жыгач иштетүү менен байланыштуу кол өнөрчүлүгүн чагылдырган. Токмок жасоо, килемчиликтин башка да шаймандарын даярдоо - элибизде алмустактан бери келаткан өнөр. Download 0.85 Mb. Do'stlaringiz bilan baham: |
Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling
ma'muriyatiga murojaat qiling