52
Изилдөгө тартылган чыгармларда, негизинен, элеттиктердин
азыркы
жана тарыхый турмушу, айыл жери сүрөттөлгөндүктөн,
үй курулушуна мүнөздүү
он бир жыгач, тогуз жыгач, торсун,
үбаса ҮҮ үбаста, арак, кош арак, дализ, даба ҮҮ таба,
пешайбан, панжара, дарча, пакса там, там башы сыяктуу
этнографиялык диалектизмдер кездешет:
Мындан мурдакы
жылдары Жалил аксакал таштан кынаптап салган тамы болчу
эле. Көчкү сүрүлүп, алып кеткенби, торсун арчалары гана
калыптыр (Н.С. «Х.Ш.», 177).,
Кексе карылар олтурган он бир
жыгачтуу бөлмөгө танапташ тогуз торсундуу бөлмөнү жалаң
жаш балдар, кыздар ээлешкен (Н.С. «Күн б.», 140).,
Колхоз аны
аяп, кыйлага чейин бир башыңа бир дализ, бир бөлмө үй салып
берели деп жүрдү, бирок Ормон ынабады (М.Г. «Д.ш.», 7).,
Үбасаси соор арчадан терилген он бир жыгачтуу бөлмө жык
толо мейман (Н.С. «Күн б.», 140).
Мисалдардагы
торсун
-
үйдүн
бөлмөлөрүндөгү
дубалдарыдын
үстүнө
туурасынан
коюлуучу
жыгач
(жыгачтардын аралыгы 50-60см.ден болот), алардын санына
карай бөлмөлөр
жети жыгач, тогуз жыгач, он бир жыгач деп
аталат. Кадыресе жашоого ылайыкташкандары тогуз жыгачтуу
келип, мейман кирүүгө ылайыкташкандары он эки жыгачтууга
чейин барат.
Do'stlaringiz bilan baham: