Qirgiz respublikasi konstitusiyasi
Этникалык азчылыктар жана бизнес
Download 433.13 Kb.
|
Qirgiz konstitutsiyasi
Этникалык азчылыктар жана бизнес
Этникалык кыргыздар Кыргызстандын калкынын 72%зын тузөт. Этникалык азчылыктардын арасында көпчүлүктү жалпы калкынын 14,6%ды тузгөн өзбектердин азчылыгы эсептелүүдө. Алар көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө, Өзбекстан менен болгон чек-аранын тегерегинде жайгашкан. Тагыраак айтканда, негизинен Ош шаарында жана Фергана өрөөнүндө Ош менен Жалал-Абад облустарында турушат. Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар менен өзбектер болжолдуу эсеп менен тең санда жашашат. Мисалы, 2009-жылы Ош шаарынын калкынын (жалпысыныан 258 000 киши) дээрлик бир жарымын өзбектер (48 пайыз) экинчи жарымын кыргыздар (43 пайыз) түзүшүп, ал эми калган 9 пайызды башка улуттагы азчылыктар түзүшкөн.[7] Бул эки улут мурунтан бери бири бирине жанаша жашап келип, мамлекет менен бизнестин биргеликте түзгөн “симбиоз” аркылуу үзгүлтүксүз катнашта болушкан.[8] Өзгөчө айтканда, базарларда соода жүргузүп, коомдук тамак-аш жайларын иштетип, айдоочулукта иштөө менен өзбектер ишкерлик жаатында үстөмдүк кылса, кыргыздар болсо жергиликтүү мамлекеттик түзүмдөрдө кызмат көрсөтүшкөн.[9] Бирок, 2010-жылкы жаңжал бул “симбиозду” түп тамырынан бери өзгөртүп, жалпысынан талкалап, аны менен кошо өзбектердин ишкерлик жаатына коркунуч туудурган. 2010-жылы жайында Ош шаарында өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы чыккан жаңжал аймактагы акыркы жылдардын ичинде эң начары болуп эсептелүүдө. 2010-жылы 10-июнундагы орун алган саясий каатчылыктын жыйынтыгында улуттук жамааттар аралык кагылышуулар от алып кеткен. Адамдардын өлүмүнө алып келген жайкы коогалаңдан кийин, өлкө ичинде улутчулдук маанайлар өрчүп, он жыл өткөн соң жалпы дискурс Кыргызстанды “кыргыздардын жери, ал эми калгандар болсо (этникалык азчылыктар) бул жерде жөн гана коноктор” деген баяндаманы илгерилетүүдө. Мындай көз караш бир гана жаштардын арасында жайылбастан, түштүк аймагында турган улуу муундун арасында да көрүнөт.[10] Түштүктө жогорку деңгээлдеги жакырчылык байкалууда. Улутчулдуктун, этникалык чатактардын жана миграциялык аспекттери өзбектер улуттук азчылыкка кирген сезимин жаратып, же анын жаралышына өбөлгө түзүп, жамааттар аралык чыңалууну кескин жогорулаткан. Көптөгөн өзбектер күнүгө бир катар кыйынчылыктарга дуушар болууда. Негизги кыйынчылыктар экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн адамдарга тиешелүү болуп, кылмышкерлердин да, мамлекеттин да тарабынан жасалган басымга жана коркутуу-үркүтүүлөргө үзгултүксүз кабылып жатышкан. Натыйжада, ишкерлер өздөрүнүн ишмердүулүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында ар түрдүү жаратман стратегияларын колдоно башташкан. Стратегиялар төмөнкүдөй чараларды камтыган: соода базарлардан махаллаларга (райондорго) көчүүсү, автобекет менен аэропорттордон жүргүнчүлөрдөн буйрутма алуу үчүн уюлдук телефондордун колдонулушу, алдын ала “ишенимсиз” делген кардарларды тейлөөгө же алар менен соода жүргүзүүгө жол бербөө. Өзбектер өздөрүнүн экономикалык жаатындагы бизнестерин өнүктүрүүсүн ачык жашырбаса да, өздөрүнүн учурда иштетип жаткан ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн аракеттерин жумшап, кыргыз коомчулугуна байкалбас ыкмаларын колдонуу менен өздөрүнүн бизнесин коргоп жатышкан. Кээ бир ишканалар медресе менен мектептер сымал “коопсуз” социалдык долбоорлорго айланган. Катышууга белгилүү бир улут менен чектелген зоналарды жаратып, ишенимсиздиктен улам “кармалып калуунун” тобокели төмөнкү деңгээлде болгон коомдук кызматтарын өнүктүрүшкөн. Менин изилдөөмө катышкан респонденттер дагы кылмыштуу тармактардагы адамдарын кезиктирүүдөн качуу максатында социалдык түйүндөрдү, видеокамераларды колдонуп, өздүгүн жана бизнесин жашырууга аракет жасап жатышат. Коопсуздуктун мындай моделдери ар кандай “күтүүлөргө” болгон жооп катары калыптанган: чыныгы турмуш өзбектерге таандык болгон ишканаларына жасалган физикалык зомбулук, алардын изине түшүү менен басмачылыктын иш-аракеттери катары кабыл алынган.[11] Фон Бемкендин жана башкалардын пикирине караганда, коопсуздук шарттарын адамдар күнүмдүк тиричилигинин алкагында алардын жашоосуна шык берүү менен ыраатка келтирүүчү коопсуздук менен кооптуу абалынын “элестеги ички дүйнөлөр” катары түшүнүүгө болот.[12] Демек, коопсуздуктун моделдери субъекттер аралык (инсандар аралык) түрдө кабыл алынган социалдык практикаларына негизделип, коопсуздукту камсыздоодо субъекттерге (инсандарга) тиешелүү болгон иш-аракеттердин индивидуалдуу эркиндигин өзгөчө баса белгилейт. Мындай кырдаал субъекттердин мамлекеттик органдарга ишене албагандыгын жана ишенбегендигин даана ачык көрсөтүүдө. Төмөндө, мен коопсуздук шарттарын эл кандай жол аркылуу түзгөнү тууралуу маалымат берген үч учурду талкуулап кетмекчимин: 1) Сүйүн Өмүрзаковдун тармагына болгон каршылык; 2) “доля” системага жана паракорчулукка болгон каршылык жана 3) “төмөнкү” жана “жогорку” улутчулдуктардын ортосундагы тең салмактуулук. Download 433.13 Kb. Do'stlaringiz bilan baham: |
Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling
ma'muriyatiga murojaat qiling