Тест,5-11кл жообу мн


 Кыргыздар жөнүндө эң алгачкы маалыматты ......................... калтырган. а) Саид Гардизи б.) Сыма Цянь в) Бан Гу г) Мухамед Хайдар 268


Download 304.33 Kb.
Pdf ko'rish
bet21/31
Sana30.04.2023
Hajmi304.33 Kb.
#1411427
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   31
Bog'liq
тест,5-11кл.жообу мн

267. Кыргыздар жөнүндө эң алгачкы маалыматты ......................... калтырган.
а) Саид Гардизи б.) Сыма Цянь в) Бан Гу г) Мухамед Хайдар
268. Кыргызстандын аймагында андрон маданиятынын эстеликтери кайсы жерлерде
кездешет? а) Чүй жана Фергана өрөөндөрүндө, Борбордук Тянь-Шанда, Ыссык-Көлдө
б.) Борбордук Тянь-Шанда жана Ыссык-Көлдө, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө
в) Фергана жана Талас өрөөндөрүндө, Нарында жана Ыссык-Көлдө
г) Борбордук Тянь-Шанда, Талас жана Фергана өрөөндөрүндө
269. Тарыхый булактарды авторлору менен дал келтиргиле.
1) Ныспалар китеби
А) Рашид-ад Дин
2) Кутадгу билиг
Б) Махмуд Кашгари
3) Диван лугат ат-тюрк
В) Жусуп Баласагын
4) Джами ат-таварих
Г) Карим Самали
а) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б б) 1-В, 2-А, 3-Г, 4-Б в.) 1-Г, 2-В, 3-Б, 4-А г) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В
270. Атлах салгылашуусу кандай тарыхый мааниге ээ болгон?
а) Орто Азияда түрктөрдүн маданиятынын таасири күчөгөн б) Орто Азияда Кытайдын
үстөмдүгү орногон в) Орто Азияда араб халифатынын үстөмдүгү орногон г.) Орто
Азияда мусулман дини тарала баштаган


271. Кыргызстанга Улуу Жибек жолу кандай пайда алып келген?
а) Кыргызстандын аймагындагы элдер кербендерди талап-тоноп байышкан
б) Тянь-Шандын бардык элдери жибек кийим кийип баштаган
в.) Жаңы шаарлар, чептер пайда болуп, соода өнүккөн
г) Кыргызстандын аймагындагы элдер биринчи жолу кытайлыктарды көрүшкөн
272. Тарыхый окуяларды болгон мезгилдери менен дал келтиргиле.
1) Улуу Түрк каганаты
А) 603-704-жж.
2) Батыш Түрк каганаты
Б) 744-840-жж.
3) Түргөш каганаты
В) 704-766-жж.
4) Уйгур каганаты
Г) 552-603-жж
а) 1-Г, 2-Б, 3-В, 2-А б) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б в) 1-Г, 2-А, 3-В, 4-Б г) 1-В, 2-Г. 3-Б, 4-А
273. X-XII кк. Кыргызстандын аймагында жайгашкан мамлекет:
а) Түргөш кагандыгы б) Карлук кагандыгы в) Уйгур кагандыгы г.) Караханилер кагандыгы
274. Төмөнкү окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла.
1) Монгол империясы 2) Караханийлер каганаты 3) Кара-кытай мамлекети
4) Улуу Кыргыз дөөлөтү 5) Түрк каганаты
а.) 5, 4, 2, 3, 1 б) 1, 2, 3, 4, 5 в) 2, 3, 4, 5, 1 г) 3, 4, 5, 1, 2
275. “Моголстандын жапайы арстандары”деп элдердин бирин атаган автор кайсы?
а) Сейф ад-Дин Аксикенди – дуулаттарды б.) Мирза Мухаммед Хайдар –
кыргыздарды в) Абдул Гази Бахадур хан- өзбектерди г) Захреддин
Мухаммед Бабур – моголдорду
276. XIV к. экинчи жарымында Моголстандын уделдерге бөлүнүшүнүн себеби
эмне болгон?
а) Амир Темирдин агрессиясына каршы тынымсыз күрөштөр
б.) Мамлекеттин ичиндеги феодалдык согуштар жана талаш-тартыштар
в) Феодалдык Маверннахрга чагатайлардын бийлигин орнотууга Ильяс-Ходжанын
умтулуусу г) Ак-Ордону бириктирүүгө моголстандык хандардын ийгиликсиз аракети
277. Кыргыз элинин калыптанган мезгилин белгиле.
а) XIV к. аягы – XV к.башы б.) XV к. аягы – XVI к. башы
в) XVI к. аягы – XVIII к. башы г) X к. аягы – XI к. башы
278. Сарыбагыш бийи- Атаке баатыр өткөргөн курултайдын максаты:
а) бирдиктүү Кыргыз мамлекетин түзүү б) Кокондуктарга каршы күрөшүү
үчүн аскер түзүү в) кытайга элчи жөнөтүү г.) Орусияга элчи жөнөтүү
279. Саясий ишмерлердин ысымдары кайсы мезгилдеги тарыхый окуялар менен
байланыштуу болгонун дал келтигиле.
А) Атаке бий
1) 1785-1787-жж. Орусияга алгач элчиликке барган
Б) Барс-бек
2) 1785-1787-жж. Оруссияга алгач элчиликти жөнөткөн
сарыбагыш уруусунун башчысы
В) Абдрахман
Кучаков
3) XVI к. кыргыздарды бириктирип, моголдорго каршы
күрөштү жетектеген


Г) Мухаммед
Кыргыз
4) VIII к. Борбордук Азияга үстөмдүккө умтулган Енисей
кыргыздарынын каганы
а.) А-1, Б-4, В-1, Г-3 б) А-1, Б-2, В-3, Г-4 в) А-3, Б-1, В-4, Г-2 г) А-4, Б-3, В-2, Г-1
280. XIX к. башында Жаангер кожонун кыймылы ......................... башталган.
а) кыргыздардын басып алуусуна б.) Цин империясына
в) калмак эзүүсүн г) Кокон хандыгына
281. XIX к. башында Чыгыш Түркстанга цин-манжур бийлигине каршы көтөрүлүштүн
жетекчиси:
а) Мухаммед Садык б) Акмат бий в) Зия-ад-Дин г) Хасан Ходжа
282. 1709-жылы болгон тарыхый окуяны белгиле.
а) Жунгар ханы Галдан Церендин аскерлеринин соккусунан Ош шаары кулаган
б) Тайлак баатырдын жетекчилигинде кыргыздар Циндик Кытайга каршы
көтөрүлүшкөн в) Кокон хандыгы түзүлгөн г) Надир шах Орто Азияга жүрүшкө чыккан
283. Кокон хандыгына каршы кыргыздардын алгачкы көтөрүлүшү ................. башталган.
а) XVIII к. 90-жж. б) XIX к. 30-жж. в) XIV к. 45-жж. г) XVI к. 60-жж
.284. Кокон хандыгына каршы кыргыздардын алгачкы көтөрүлүшү кайсы жерде болгон?
а) Таласта б) Ыссык-Көлдө в) Ошто г.) Нарында
285. Окуяларды мезгилдери менен дал келтиргиле.
1) 1348-ж.
А) Кокон хандыгынын негизделиши
2) 1709-ж.
Б) Барскоон салгылашуусу
3) 1517-ж.
В) “Ылай салгылашуусу”
4) 1365-ж.
Г) Моголстан мамлекетинин негизделиши
а) 1-А, 2-Б, 3-В, 4-Г б.) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В в) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б г) 1-Б, 2-В, 3-Г, 4-А
286. Кыргызстанда Караханий дооруна тиешелүү кайсы тарыхый эстеликтер сакталып
калган? а) Ак-Бешим шаарчасы жана Манастын күмбөзү
б) Таш-рабат кербен-сарайы жана Өзгөн мунарасы в.) Бурана мунарасы жана Өзгөн
архитектуралык комплекси г) Кошой-Коргон шаарчасы жана Шах-Фазил мавзолейи
287. “Анда – Караханий каганатында жашаган түрк элдери, алардын аскерлери, жерлери,
шаарлары менен айылдары жөнүндө тарыхый жана географиялык маалыматтар
камтылган”. Бул китеп ................................
а) Сыма Цияндын “Тарыхый жазуулары” б.) Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү”
в) Жусуп Баласагындын “ Кут алуучу билими” г) Рашид ад-Диндин “Жылнаамалар жыйнагы”
288. Архитектуралык эстеликтерди курулган мезгилине дал келтиргиле.
1) Таш-Рабат
А) XI-XII кк.
2) Бурана
Б) VIII-XIV кк.
3) Кошой-Коргон
В) XI-XIV кк.
4) Шах-Фазил
Г) XVI к.
а) 1-Г, 2-Б, 3-В, 4-А б) 1-В, 2-Г, 3-А, 4-Б в.) 1-Г, 2-А, 3-Б, 4-В г) 1-Б, 2-Г, 3-А, 4-В


289. Кайсы архитектуралык эстелик экендигин аныктагыла.
X-XII кылымдарга тиешелүү, түштүк дубалынын узундугу 117 м болгон, төрт бурчтуу чеп.
Ак-Талаа аймагынын, Чолок-Кайык айылынын түндүк тарабындагы, Алабука дарыясынын
жээгинде орун алган.
а) Кошой-Коргон б) Манастын күмбөзү в) Шах Фазил күмбөзү г.) Шырдакбектин чеби

Download 304.33 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   ...   31




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling