Тест,5-11кл жообу мн


 Кыргыздар түшүм жыйноо убагында кайсы ырды ырдашкан? а) Шырылдаң б.) Оп майда в) Бекбекей г) Кылоо-кылоо 291


Download 304.33 Kb.
Pdf ko'rish
bet22/31
Sana30.04.2023
Hajmi304.33 Kb.
#1411427
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   31
Bog'liq
тест,5-11кл.жообу мн

290. Кыргыздар түшүм жыйноо убагында кайсы ырды ырдашкан?
а) Шырылдаң б.) Оп майда в) Бекбекей г) Кылоо-кылоо
291. Кайсы архитектуралык эстелик экендигин аныктагыла. Токмок шаарынын
түштүк-батышынан 13 км аралыкта, Кегети капчыгайына бара жаткан жерде, Чүй
дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.
а) Кошой-Коргон б) Манастын күмбөзү в) Шах Фазил мавзолейи г.) Бурана мунарасы
10-класс. Дүйнө тарыхы.
292. Тарыхта Хаммурапинин атагы калды, ал ..............................
а) байыркы заманда эң улуу саякатчы болгон
б.) бүткүл Вавилон хандыгы үчүн бирдей мыйзамды киргизген в) Урада атактуу
храмды курган г) Эки дарыя аралыгында пирамида курууну башкарган
293. Византия кайсы өлкөлөргө күчтүү маданий таасир тийгизген?
а) Англияга, Францияга, Германияга б) Египетке, Сирияга, Персияга
в.) Болгарияга, Сербияга, Киев Русуна г) Грецияга, Италияга, Польшага
294. Египетте жана Эки дарыя аралыгында биринчи мамлекеттер пайда болду,
анткени ал жерде ........................
а) климат эң мыкты болгон б) пайдалуу кендер көп болгон в) ошол кездеги эң акылдуу
адамдар жашаган г.) дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк эң тез өнүккөн
295. Байыркы индиялыктардын илиминдеги эң маанилүү салымы – бул- ..........................
а) дыйканчылык жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүшкөн б) касталарды түзүү жана коомду
таптарга бөлүүсү в.) биз араб цифрасы деп атаган цифраны ойлоп табышкан
г) “Махабхарата” жана “Рамаянаны” жаратышкан
296. Байыркы Кытай чарбасындагы башка бир да өлкөдө болбогон тармак – бул .................
а) пахта өстүрүү б) күрүч өстүрүү в) кант камышын өстүрүү в.) жибек куртун өстүрүү
297. Төмөнкү ачылыштардын кайсынысы Кытайда жасалган?
а) Папирус б) Иероглифтер в) Азыркы сандар г.) Кагаз
298. Улуу Кытай сепилин ............................ үчүн курушкан.
а.) кытайларды согушчан көчмөндөрдөн коргоо б) кытайлар өлкөдөн сырткары кетүүсүн тыюу
в) кытайдын жетишкендигин башкаларга көрсөтүү г) кытайдын чек арасын белгилөө
299. Байыркы дүйнөдө “Жети укмуш” болгон. Вавилондо анын кайсынысы
жайгашкандыгын аныкта?
а) Александрия маягы б) Колос Родосский
в) Тадж-Махал күмбөзү г.) Семирамиданын асма багы
300. Олимп тоосу байыркы гректер үчүн.......................... жер болгон.
а) Олимпиадалык оюндар өткөрүлүүчү б) музыкант жана акындар жыл сайын
мелдеш өткөрүүчү в.) кудайлар жашаган г) кулдар сатылуучу чоң ярмарка
301. Байыркы Грециядагы демократия, бул - ...................................
а) байлар жана кедейлердин өлкөнү башкарууга бирдей катышуусу б) Эгей деңизинин
жээгиндеги аскердик бөлүк в) башка өлкөдөгү грек элчилиги г) карызы үчүн
дыйкандарды кулдукка сатуу


302. Афинанын жараны – бул:
а.) Афинада туулуп, мамлекеттин алдында милдетүү жана укуктуу адам
б) Афина жашоочусу сатып алган кул
в) Афинага келип бир жылдан ашык жашаган грек
г) Афинага келип көп акча төлөгөн чет элдик бай адам
303. Александр Македонский өлгөндөн кийин анын державасы ыдырады, анткени:
а.) жеңилген элдер гректерге каршылык көрсөткөн жана өз алдынча жашагысы келген
б) жеңип алган жерлер менен Македониянын байланышы солгундаган
в) Александрдын бойго жеткен балдары болгон эмес
г) кол башчылары чарчаган жана жеңип алгандарын сактагысы келген эмес
304. Төмөнкү окуялардын кайсынысы баарынан мурда болгон?
а) Периклдын башкаруусу б) солондун реформалары
в.) Олимпиада оюндарынын башталышы г) марафон салгылашуусу
305. Б. д. ч. 509-жылдан баштап Байыркы Рим республика деп аталган, анткени
ал жерде .......................... башкарган.
а) Аксаклдар кеңеши б.) шайлануучу консулдар менен сенат
в) башкы кечил жана аскер башчы г) башкы судя жана консулдар
306. Римдин “бөлүп алып бийлик жүргүзө бер” деген эрежеси ........................ билдирген.
а) римдиктерди сиңирген эмгегине жараша бөлүштүрүп, адилет башкар
б) шайлоо алдында топторго бөлүнүп консулдукка талапкерди колдогун
в) салгылашууда ээлеп алган кемелерди римдиктердин ортосунда бөлүштүрүп жана деңизде
бийлик жүргүз г.) каратып алган элдерди бири-бири менен чатакташтыр жана алардын Римге
каршы биригишине жол бербе
307. Феодалдык тепкич – бул:
а) феодалдын сепилине кире бериштеги тепкич б) дыйкандар майда феодалдарга, майда
феодалдар ири феодалдарга ж. б. төлөгөн салык жыйноо тартиби
в.) төмөнкү феодалдардын жогорку феодалдарга баш ийиши г) элдик чогулуштун,
аксакалдар кеңешинин жана уруу башчысынын ортосундагы мамилелер
308. VIII кылымдын башында араб мамлекти:
а) Аравия жарым аралын жана ага жамаатташ райондорду ээлеген б) өзүнө Византиянын,
Грециянын жана Балкан жарымар алынын жерлерин кошуп алган в.) Испаниядан тартып
Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш аркылуу Индия менен Орто Азияга чейинки
жерлерди басып алган г) Египетти басып алып, андан кийин түштүктү көздөй жылган
309. Арабдар жогорку маданиятуу болушкан, анткени:
а) басып алган өлкөлөрдүн бүт калкын мажбурлап сабаттуулукка окуткан
б) араб көпөстөрү ар кайсы жерлерден китептерди сатып алышчу
в.) басып алган элдин маданиятын өздөштүрүшкөн жана кайра иштеп чыгышкан
г) бардык билимдүү адамдардын чет өлкөгө кетишине тыюу салышкан
310. XI-XIV кк. Европадагы маанилүү өзгөрүүнү белгиле.
а) Үч талаалуу дыйканчылыкты
киргизүү, шаарлардын өсүшү, кол өнөрчүлүктүн жана айыл чарбасынын бөлүнүшү
б) Саздарды кургатуу, токойлорду кыркуу, дүмүрлөрдү коңторуу в) Жемиш бактары, огород
жана жүзүмзарлар кеңейди г) Княздар, графтар, барондордун саны жогорулады
311. XI-XIV кк. Батыш Европада шаарлар .............................. борбору болгон. а) Айыл
чарбасынын жана маданияттын б.) кол өнөрчүлүктүн, сооданын жана маданияттын
в) монастырдык жердин жана сооданын г) феодалдык бытырандылыктын


312. Жакынкы Чыгышта крестүүлөргө каршы согуш адилеттүү болгон .........................
а) кресттүүлөр үчүн, алар христиан чиркөөсүнүн эркин кыңк этпестен аткарышкан
б) Иисус Христос жөнүндө эскерүүнү коргогон чиркөө үчүн
в) кудайдын аты менен бөтөн жерлерди жана байлыктарды басып алган рыцарлар
жана чиркөө үчүн г. баскынчылардан өз мекенин коргогон Сирия менен
Палестинанын мусулмандары үчүн
313. Франциядагы (Жакерия) жана Ангиядагы (Уот Тайлер) дыйкандардын көтөрүлүшү
кандай окшош натыйжа алып келген?
а) дыйкандар парламентке депутаттарын шайлоо укугун алышкан б.) феодалдар
дыйкандарга эркиндик бере баштаган в) эки көтөрүлүш тең дыйкандардын жеңиши
менен аяктаган г) феодалдык бытырандылык кескин күчөгөн
314. XVI кылымда Осмон империясы начарлай баштаган, анткени:
а) Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрү түбөлүк тынчтык келишимин
түзүшкөн б.) Түркиянын европалык коңшулары жана багынган элдердин
түрктөргө каршылыгы күч алган в) империянын башында тынчтыкты
жактаган султандар турган г) түрк феодалдары жаңы жерлерди басып
алгандан көрө, мурдагы жерлерине көбүрөөк камкордук көрө баштаган.
315. Батыш Европада Университеттер – бул:
а) VIII к. пайда болгон монастырь мектептери б) королдордун салык жыйноо борбору
в) орто кылымда келечекти алдын ала айтуучулардын съезди г.) XI к. пайда болгон
Еропадагы алгачкы жогорку мектептер
316. Европа менен Азиянын кайсы аймагында (мурунку СССР) кул элөөчүлүк
мамлекеттер түзүлгөн?
а) Кара деңиздин боюу, Кавказ, Орто Азияда б) Киев Русу, Сибирь, Ыраакы Чыгышта
в.) Кавказ, Түндүк Кара деңиздин бою, Европада г) Орто Азия, Сибирь, Ыраакы Чыгышта
317. X-XI кк. кайсы князь башкарган убакта Русь европанын чоң мамлекетине айланган?
а) Борис Годунов б) Олег Владимирович
в.) Владимир Святославич г) Всеволод Ярославич

Download 304.33 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   31




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling