Бөлүм Экономикалык негизи, негизги каражаттардын мазмуну жана эсепке алуу
- Негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча алгачкы документтер
Download 145.5 Kb.
|
Дип Негиз кар Ома 2023
- Негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча алгачкы документтер
Негизги каражаттардын кыймылы менен байланышкан бардык операциялар баштапкы документтер менен таризделет, алар эсепке алуунун тууралыгын жана өз убагында болушун камсыз кылат. Уюмдун уюштуруу-укуктук формасына карабастан негизги каражаттардын эсеби инвентардык объекттер боюнча классификациялык топтор боюнча бухгалтерияда түзүлөт. Аларды кол менен иштеп чыгууда "ТЕS-групп" ЖЧКда колдонулуучу негизги каражаттар боюнча эсептик маалыматтын эң маанилүү типтүү формаларынын тизмесин жана кыскача мүнөздөмөсүн келтиребиз: НК-1 формасы-кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы - негизги каражаттардын келип түшүүсүн жана чыгарылышын тариздөө үчүн негизги каражаттарды өткөрүп берүү актысы; НК-2 формасы -ишкананын ичинде айрым объекттерди жылдыруу боюнча которуу операцияларын тариздөө үчүн негизги каражаттарды ички которууга коштомо кагаз; НК-3 формасы-капиталдык оңдоодон, реконструкциялоодон жана модернизациялоодон кийинки объекттерди тариздөө (кабыл алуу) үчүн оңдолгон, реконструкцияланган жана модернизацияланган инвентардык объекттерди өткөрүп берүүнү кабыл алуу актысы; НК-4 формасы-негизги каражаттарды чыгарууну тариздөө үчүн негизги каражаттарды жоюу жөнүндө акт. НК-6 формасы-имараттардын жана курулмалардын, машиналардын, жабдуулардын, аспаптардын, өндүрүштүк жана чарбалык инвентарлардын, бир типтеги объекттердин топтук эсебинин инвентардык карточкалары. НК-10 формасы-инвентардык карточкаларды каттоо жана алардын сакталышын контролдоо үчүн негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча инвентардык карточкалардын тизими; НК-11 формасы-чакан ишканаларда инвентардык карточкалардын ордуна объекттердин аналитикалык эсебин жүргүзүү үчүн негизги каражаттарды эсепке алуунун инвентардык китеби; НК-12 формасы-классификациялык топтор боюнча негизги каражаттардын кыймылын эсепке алуу карточкасы; НК-13 формасы-негизги каражаттардын сакталышы үчүн жооптуу адамдар боюнча объекттер жайгашкан (эксплуатацияланган) жерлердеги негизги каражаттардын инвентардык тизмеси. Изилденүүчү уюмда негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча бир нече гана форма колдонулат: негизги каражаттарды чыгарууну тариздөө үчүн негизги каражаттарды жоюу жөнүндө акт (форма НК-4); негизги каражаттарды эсепке алуунун инвентардык китеби (форма НК-10). Download 145.5 Kb. Do'stlaringiz bilan baham: |
Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling
ma'muriyatiga murojaat qiling