Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Бак-дарактарга, өсүмдүктөргө байланыштуу


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet35/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

 
Бак-дарактарга, өсүмдүктөргө байланыштуу
этнографиялык диалектизмдер 
 
Кыргызстан чакан өлкө экенине карабастан, анын ар кайсы 
аймактары жер шарты боюнча айырмаланып, белгилүү бир 
деңгээлде өзгөчөлөнгөн флорага, өсүмдүктөр дүйнөсүнө ээ. 
Ичкилик диалектисинин өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү - Баткен 
областынын тургундары. Бул регион «өрүктүн мекени» катары 
таанымал. Ошондуктан биз талдап жаткан чыгармалардан өрүккө 
жана анын сорторуна тиешелүү түшүнүктөрдү туюнтуп, адабий 
тилде жок этнографиялык диалектизмдерди учуратабыз. 
Мисалы: өрүктүн түрлөрүнөн кандек «кичине, тоголок 
176
Мукамбаев Ж. Кыргыз тилинин диалектологиялык създ\г\. –Ф.: Илим, 1976. -91-б. 
177
Мамытов Ж. Къркъм чыгарманын тили. –Ф.: Мектеп, 1990. -90-б. 


54 
формадагы, кургатылгандан кийин жумшак, кыртылдатып 
жештүү келген, ширин өрүк», курмайы «бышык учурунда анча 
жештүү болбогон, кагы эттүү, жумшак кургаган өрүк», 
мүрсанжали «чоңураак, сүйрү формада келип, бышык 
учурунда өтө ширин, кагы катуураак болуп, жегенде, 
жумшартканда эзилген өрүк», касек «кандек өрүккө караганда 
чоңураак, кагы да ага окшош келген өрүк», ак өрүк «эрте быша 
турган, кургатууга жарамсыз, чоң-чоң, көрүнүшү жакшы, 
көбүнчө ак түстөгү өрүк», зондолу өрүк «өрүктүн түрү», өрүккө 
тиешелүү сөздөрдөн газанек «шакта калып кургаган өрүктүн 
кагы», горо «өрүктүн быша элек чийики мөмөсү», каразаң 
«түшүм бербей, карыган өрүк дарагы, жалпы эле мөмөлүү 
дарак», өрүкзар «өрүктүү бак», саргазаң «көбүнчө өрүктүн ж.б. 
мөмө-жемиштердин жыйналып бүткөндүгү» ж.б.
Алардын 
айрымдары 
кыргыз 
тили 
боюнча 
лексикографиялык эмгектерде К.К.Юдахинде [186:176-339-
449],
178
Х.К.Карасаевде [77:80-159],
179
Б.М.Юнусалиевдин 
«Кыргыз диалектологиясында» [191:275]
180
«Кыргыз тилинин 
түшүндүрмө сөздүгүндө» [90:459],
181
Ж.Мукамбаевдин «Кыргыз 
тилинин диалектологиялык сөздүгүндө» [112:377]
182
берилип, 
түштүк диалектиге тиешелүүлүгү көрсөтүлүп, өрүк түрлөрү 
болсо жалпы жонунан өрүктүн түрү деп түшүндүрүлүп жүрөт. 
Эми 
жогорку 
диалектизмдердин 
чыгармалардагы 
стилистикалык функцияларына көңүл буралы: Мындагы 
өрүктөрдүн көбү - мүрсанжали. Эки түбү - курмайы, үч түбү - 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling