15
Оозеки-сүйлөшүү стили адамдардын күндөлүк
турмуш-
тиричилигиндеги, өз ара пикир алышууда же коомдук ар кандай
максаттарда оозеки түрүндө жүзөгө ашкан тил болуп, анын
өзгөчөлөнгөн жөнөкөй сүйлөшүү жана оозеки адабий стилдери
бар. Диалектилик өзгөчөлүктөр булардын биринчи түрүнүн
тилдик
каражаттарына
кирип,
чектелген
аймактын
тургундарынын коммуникативдик катнашын тейлөөдө кызмат
кылат. Экинчи түрү - саясый-уюштуруучулук,
экономикалык-
түзүүчүлүк, маданий-агартуучулук ж. б. коомдук кызмат
аркалап, улуттук жамаат үчүн орток мүнөз алган, адабий
нормалардын чегинде турган стиль. Ошондон улам ага
диалектилик
элементтер жат, эгер кандайдыр бир факторлорго
байланыштуу сүйлөшүү тексттерине киргизилген болсо,
диалектизм катары эсептелет.
Do'stlaringiz bilan baham: