Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet9/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

ДИАЛЕКТИЗМДЕРДИН АДАБИЙ ТИЛДИН 
СТИЛДЕРИНДЕ ЖУМШАЛЫШЫ 
Адабий тилдин тигил же бул стилдеринде диалектилик 
мүнөздөгү тилдик элементтердин учурашы – мыйзам ченемдүү 
нерсе. Диалектилик тилдик өзгөчөлүктөр территориялык тилдик 
карым-катнаштын чегинен чыгып, адабий тилдин нормасына 
кирбегени менен, анын айрым функционалдык стилдеринде 
(оозеки сүйлөшүү стилинин адабий стилинде, көркөм, 
публицистикалык стилдерде) колдонулганда, диалектизмдик 
көрүнүшкө жатат. Диалектизмдер деп адабий кепте колдонулган, 
бирок анын нормасына өтө элек жергиликтүү тилдик 
бөтөнчөлүктөрдү айтабыз. Алар тилдик деңгээлдерге карай 
фонетикалык 
диалектизмдер, 
лексикалык 
диалектизмдер, 
фразеологиялык диалектизмдер, морфологиялык диалектизмдер 
ж. б. түрүндө боло берет. Лексиколгиялык, стилистикалык 
изилдөөлөрдө салт болуп калгандыктан, диалектизм терминин 
жогоркудай кең мааниден тышкары тар мааниде лексикалык 
диалектизм түшүнүгүнүн ордуна колдонуу да жөндүү деп 
ойлойбуз. Диалектизмдердин колдонулушу атайын стилдик 
максат менен да, же тек гана автордун (же сүйлөөчүнүн) тилдик 
көнүмүш өзгөчөлүктөрүнүн белгилери катары да болушу 
мүмкүн. Кантсе да, диалектизмдер адабий тил менен 
диалектинин ортосундагы өз ара байланышты көрсөтөт, көркөм 
чыгармалардын тилин жана «адабий тилди изилдөөдө, адабий 
тилди диалектилер менен салыштырууда» [129:4]
68
колдонулган 
түшүнүк.
67
Сарыбаев Ш. Ш. Проблемы казахской региональной лексикографии: Автореф. дис. ...докт. филол. наук. –Алма-Ата, 
1973. -12-13-б-р. 
68
Прохорова В. Н. Диалектизмы в языке художественной литературы. –М., 1957. -4-б.


15 
Оозеки-сүйлөшүү стили адамдардын күндөлүк турмуш-
тиричилигиндеги, өз ара пикир алышууда же коомдук ар кандай 
максаттарда оозеки түрүндө жүзөгө ашкан тил болуп, анын 
өзгөчөлөнгөн жөнөкөй сүйлөшүү жана оозеки адабий стилдери 
бар. Диалектилик өзгөчөлүктөр булардын биринчи түрүнүн 
тилдик 
каражаттарына 
кирип, 
чектелген 
аймактын 
тургундарынын коммуникативдик катнашын тейлөөдө кызмат 
кылат. Экинчи түрү - саясый-уюштуруучулук, экономикалык-
түзүүчүлүк, маданий-агартуучулук ж. б. коомдук кызмат 
аркалап, улуттук жамаат үчүн орток мүнөз алган, адабий 
нормалардын чегинде турган стиль. Ошондон улам ага 
диалектилик элементтер жат, эгер кандайдыр бир факторлорго 
байланыштуу сүйлөшүү тексттерине киргизилген болсо, 
диалектизм катары эсептелет.

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling