Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Диалектилик сөздөр менен диалектизмдерди бирдей


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet6/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Диалектилик сөздөр менен диалектизмдерди бирдей 
түшүнүү: Орус тилчиси Б.А.Головин «Тил илимине киришүү» 
аттуу окуу китебинде диалектилик лексиканы белгилүү бир 
территориянын 
чегинде 
гана 
колдонулган 
сүйлөшүү 
лексикасынын түрү катары мүнөздөп, диалектизмдер менен 
жергиликтүү диалектилик сөздөрдү бир мааниде карайт [47:95].
40
Ушундай эле ойду Н.М.Шанский: «Диалектилик лексика деп 
жалпы элдик лексиканын системасына кирбестен, жалпы улуттук 
орус тилинин бир же бир нече диалектилерине тиешелүү болгон 
сөздөрдү түшүнөбүз... Диалектилик мүнөздөгү сөздөрдү 
диалектизмдер деп атоо кабыл алынган, бирок аларды туюндуруу 
үчүн провинциализмдер, областтык сөздөр ж.б. терминдер да 
колдонулат»[177:117-118]
41
-деп толуктайт. 
Сөз болуп жаткан терминдерди синонимдеш колдонуу 
түркологияда казак[139:12, 141:3, 75:151-153, 11:143-144],
42
өзбек 
[169:17-26, 
179:128-129, 
168:144-149]
43
ж. б. тилдерге 

Б. А. Ларин «Советтик жазуучулардын тилиндеги диалектизмдер» деген макаласында (1935) элдик говорлордун 
лексикасы гана эмес, арголорду жана ар т\рд\\ кесиптик създърд\ туюндуруу \ч\н да колдонгон (Караёыз: Оссовецкий И. 
А. Кърсът\лгън эмгек. 338-б.). 
40
Головин Б. Н. Введение в языкознание. -Изд. 2-е, исправ. –М.: Высшая школа, 1973. -95-б.
41
Шанский Н.М. Лексикология современного русского языка. -Изд.2-е, испр. –М.: Просвещение, 1972. -117-118-б-р. 
42
Сарыбаев Ш., Накысбеков О. Қазақ тiлiнiё аймактық лексикасы. –Алматы: Ғылым, 1989. -12-б. (192 б.); Қазак тiлiнiё 
диалектологиялык създiгi. –Алматы: Гылым, 1996. -3-б. (200 б.); Калиев Ғ., Болганбаев ∂. Қазiргi қазақ тiлiнiё
лексикологиясы мен фразеологиясы. –Толукт., -ъёд. 2-басыл. –Алматы: Д∂уiр, 2003. -151-153-б-р. (248 б.); Айтбай
Айгабылулы. Казак тiлi морфонологиясы мен лексикологиясы. –Алматы: Казак университети, 2006. -143-144-б-р. (272 
б) 
43
Узбек тили лексикологияси / Масъул мухарирлар: А. Ходжаев, А. Ахмедов. –Тошкент, Фан, 1981. -17-26-б-р. (314 б); 
Шоабдурахмонов Ш., Аскарова М., Хожиев А.. Расулов И., Дониеов Х. Хозирги узбек адабий тили: 1 кисм. –Тошкент, 


11 
байланыштуу адабияттардан да орун алган. Казак тилчилери
Ш.Сарыбаев, О.Накысбековдор: «Диалектизм болуш үчүн эки 
шарт болуу керек: 1) адабий тилде колдонулбаган, тек белгилүү 
бир говорго, диалектиге тиешелүү сөз болуу керек; 2) 
диалектизмдин өзүнүн таралуу чеги (изоглоссасы) болуу керек» 
[139:12]
44
(Диалектилик сөздөр да ушундай белгилерге ээ 
экендигине көңүл бөлүңүз – И.Ж.), -деп жазышат. 
Кыргыз тилчилеринен Ш.Жапаров менен Т.Сыдыкова 
[69:70-75],
45
А.Сапарбаев [134:189-198],
46
К.Бекназаров [32]
47
ж. 
б. окумуштуулар диалектизм терминин диалектилик сөздөрдөн 
ажыратып 
чектебей 
түшүндүрүп 
жүрүшөт. 
Аталган 
окумуштуулардын дээрлик баары «диалектизм» терминин кең 
жана тар маанилерде карашып, тилдин бардык деңгээлдериндеги 
диалектилик өзгөчөлүктөрдү жана сөздөрдү туюндуруу үчүн 
колдонушат. Ошондуктан диалектизмдерди фонетикалык, 
морфологиялык, синтаксистик, лексикалык, фразеологиялык 
диалектизмдер сыяктуу түрлөргө бөлүштүрүшөт. «Диалектилик 
сөз», тар маанидеги «диалектизм», «лексикалык диалектизм» 
терминдерин болсо өз ара маанилеш жумшашат. Ошондой эле
алар диалектизмдердин диалектилик «эни» менен адабий тилдин 
тигил же бул формаларында, адабий сүйлөшүү стилинде, 
айрыкчы, 
көркөм 
жана 
публицистикалык 
стилдеринде 
колдонулуш мүмкүнчүлүктөрүн белгилешет.

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling