Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet10/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Публицистикалык 
стилдин 
негизин 
мезгилдик 
басылмалардын тили түзөрү маалым. Анын үгүттүк мүнөзү, 
калктын өтө кеңири катмарына арналышы, көркөм стилге 
жакындыгы тилдик бөтөнчөлүгүн аныктайт. Журналисттик 
чөйрөдө эмгектенген ар бир калемгер жазуучулар сыяктуу эле 
чыгармасында «автордук менин» туюндурууга, тилдик табитин 
чагылдырууга умтулат. Адабий тилдин өнүгүшүнө, элдик тилдин 
байлыгына, албетте, ал байлыктын бир казнасы эсептелген 
лексикалык диалектизмдерге бир дагы журналист кайдыгер 
карабайт. Мындай жагдай публицистикалык стилде да 
диалектизмдердин колдонулушун жокко чыгарбайт. 
Ушул жерде диалектизмдерге байланыштуу дагы бир 
маселеге көңүл бурууга туура келип жатат. Окумуштуулар 
диалектилик сөздөрдүн адабий тилдин лексикасына сүйлөшүү 
(айрыкча карапайым сүйлөшүү) кеби, көркөм чыгармалардын 
тили, гезиттик кеп аркылуу өтөрүн белгилеп жүрүшөт [176:172-
173].
69
Бирок 
адабий 
тилде 
ага 
өтүүгө 
жарамдуу 
диалектизмдердин бекемделишинде жазуучулардын, өзгөчө 
журналисттердин ролу зор [140:36]
70
жана мүмкүнчүлүктөрү 
бөтөнчө кеңири. Көркөм чыгармаларга караганда гезиттердин 
окумдуулугу алда канча жогору экендиги айтпаса да 
69
Фомина М. И. Современный русский язык: Лексикология. –Изд. 2-ое, испр. и доп. –М.: Высшая школа, 1989. -172-
173-б-р. 
70
Сарыбаев Ш. Ш. Диалектная лексика как источник обогащения литературного языка // Қазақ тiлiндегi аймактык 
ерекшелiктер. –Алматы: Ғылым, 1990. -36-б. (29-37-б-р.)


16 
түшүнүктүү. Ал эми радио-теле болсо – бүгүнкү күндүн 
маалымат булагынын эң башкысы. Ошондуктан орус тилчилери 
азыркы орус адабий тилинин нормасынын чен-өлчөмү 
(критерийи) катарында гезиттердин, радио берүүлөрдүн тилин 
эсептешүүдө [120:41].
71
Демек, аталган акыркы кептик 
тармактар, айрыкча диалектилик тилдердин территориясындагы 
райондук, областтык гезиттер диалектилик сөздөрдүн адабий 
лексикага өтүүсүндө, кодировкаланышында көпүрө болуп 
саналат. Аларда чөлкөмдүн чарбасы, этнографиялык турмушу 
кеңири чагылдырылып, диалектилик сөздөрдүн берилиш 
мүмкүнчүлүгү артык. Бул жергиликтүү мезгилдик басылмалар 
диалектилик тилдерде жазылат дегендик эмес. Тескерисинче, ал 
басылмалар – ар кайсы алыскы аймактарга жакын туруп, ал 
жактарга адабий тилдин нормаларын сиңирүүнүн, жайылтуунун 
«жарчысы», куралы. Ошондуктан аларга диалектилик лексикага 
өтө кылдат мамиле жасоо талабы коюлат. 
Диалектизмдер адабий тилдин тарыхында, адабият таанууда,

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling