Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


ЛЕКСИКАЛЫК ДИАЛЕКТИЗМДЕР ЖАНА АЛАРДЫН


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet18/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

ЛЕКСИКАЛЫК ДИАЛЕКТИЗМДЕР ЖАНА АЛАРДЫН 
СТИЛДИК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ 
 
Лексикалык диалектизмдердин
айрым бөтөнчөлүктөрү жана түрлөрү 
 
Жергиликтүү диалектиге, говорго мүнөздүү болуп адабий 
кепте колдонулган, бирок анын лексикалык нормасына кирбеген 
сөздөр лексикалык диалектизмдер деп аталат. Айрыкча көркөм 
чыгармаларда диалектизмдердин башка түрлөрүнө караганда 
лексикалык диалектизмдер өзүнө таандык өзгөчөлүктөр менен 
бир топ кеңирирээк жумшалат. Алсак, фонетикалык жана 
грамматикалык диалектизмдер көбүнчө каармандын кебинде 
келип, жергиликтүү тилдик колоритти түзүү максаты менен 
байланыштуу болсо, лексикалык диалектизмдердин стилдик 
кызматы көп кырдуу. Бирде жогорку түрлөрдөй эле 
каармандардын кебинин табигыйлуулугун билдирсе, бирде 
адабий тилдеги эквиваленттери менен алмашып келип, сөздөрдү 
кайталоодон качууга зор синонимдик каражат болот. 
Каармандарды, пейзажды сүрөттөөдө, окуяны баяндоодо, 
этнографиялык тактыкка жетүүдө ж. б. учурларда аларды орду 
менен пайдаланып, ыктуу иштетүү жазуучунун сөз тандоо, сөз 
урунуу чеберчилигин көрсөтөт. 
Эмгекке обьекти катары алынган чыгармаларда амеки 
(тууган), баазир (кеңири, жай), баазда (кээде), бежанжир 
(бейбаш, тартипсиз), мунасып (ылайык), мааласи (кыштагы), 
барөөжү (өнүп-өсүп, күч алып), бадан (дене), горо 
(жемиштердин быша элек мөмөсү), эшит (тыңша, ук), жүда (өтө, 
абдан), мияр (чен, чек, өлчөм), гөвшөң (борпоң, бош), мустар 
(көңүлсүз, капалуу), гүлсөвгар (жапайы роза гүлү), катта ата 
(чоң ата), гыжаа (жарака, көзөнөк), оюрма (кыялама), оюрмала 
(кыялап өрлөө) ж. б. көптөгөн лексикалык диалектизмдер 
учурайт. Айрым мисалдарды келтирели

«-Жок, амеки
Эртеңден баштап душман менен согушууга даярданасың» (М.Г. 


32 
«Д.ш.», 76)., -Сен баазир олтура бер, мен ананираак келем (Н.С. 
«Ж.к.», 152)., Кудаа өзү мунасып көрүп, туш кылган экен, Даана 
молдонун Дөң мааласинен дарыя бойлоруна дейре жер ачылып, 
там-таш салынып, эл кыйла барөөжү алып калды (М.Ү. «С.ж.», 
78)., Бир паска баданим муздап чачым тик турат... Кызганыч 
чуркайт канымды бойлоп чыркырап (Э.Э. «Мух.», 407) ж.б. 
Жогорудагы диалектизмдердин көпчүлүгү түштүк чыгыш 
жана түштүк батыш диалектилерде жалпы колдонулган менен
түштүк батыш диалектинин өкүлдөрүнүн тилинде активдүү 
жумшалат. Кайсы бирлери түштүк чыгыш диалектиде учурабайт.
Түштүк батыш диалектидеги диалектилик сөздөрдүн баарын 
эле чыгармалардан жолуктурууга болот деп айтуу кыйын, андай 
болушу мүмкүн да эмес. Анткени ар кандай эле жазмакер 
жергиликтүү тилдик өзгөчөлүктү бүт бойдон киргизе албайт. Ал 
өз чыгармасын жаратууда диалектизмдерди ылгап, чектеп 
пайдаланат. Ал эми иликтөөгө алынып жаткан көркөм 
чыгармалардын авторлору түштүк батыш диалектисинин 
өкүлдөрү болгондуктан, нары чыгармаларда сүрөттөлгөн окуялар 
ошол аймакта өткөн азыркы же байыркы турмуш болгондуктан, 
аталган диалектиге мүнөздүү диалектилик сөздөр акын-
жазуучулардын чыгармаларынан белгилүү деңгээлде орун алары 
мыйзам ченемдүү. Аны жогорку мисалдар да тастыктап турат.
Чыгармаларда кээ бир лексикалык диалектизмдер түрдүү 
тыбыштык варианттарда учурайт: Алсак, сагыр (ад.т. жетим) 
сөзү Н.Сайдуллаевдин «Көз» повестинде «сагыр», М.Үсөндүн 
«Сакылар жери» романында «сагыра» формасында: -
Эркелетүүчү энесини көөмп, сагыр калган эркек аялына 
эркелейт... (Н.С. «Ж.к.», 131), -Сагыранын бакты 
бар экен. Сизге туш келгенин караң  (М.Ү. «С.ж.», 62). 
Же: кадамжайлык жана ноокаттык кыргыздардын тилиндеги 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling