Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


  Лексикалык диалектизмдерди классификацялоо


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet16/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

2. 
Лексикалык диалектизмдерди классификацялоо. 
Лексикалык диалектизмдер башка түрлөрүнө карганда сандык 
жактан көптүгү, адабий тилге өтүү мүнкүнчүлүгүнүн 
артыкчылыгы, стилдик функциясынын кеңирилиги боюнча 
айырмаланат жана лингвистиканын ар кайсы тармактарына 
обьекти катары тартылат. Ошондуктан алар ар түрдүү 
аспектилерде классификацияланып жүрөт. 
Тилчи Г.Мухаммаджанова диалектизмдерди өзбек тилинин 
материалдарында колдонулушуна жана колдонулуш чөйрөсүнө 
карай бөлүштүрөт. Колдонулушу жактан прогрессивдүү жана 
регрессивдүү деген эки топко ажыратат. Прогрессивдүүлөргө 
адабий тилде эквиваленттери болбогон, түшүнүктөрдүн жалгыз 
аталыштары катары адабий тилге өтүп, анын лексикасын байыта 
турган 
сөздөрдү, 
регрессивдүү 
диалектизмдерге 
тилде 
110
Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясы жана фразеология. –Б.: Кыргызстан, 1998. -14-16-б-р. 


28 
эквиваленти болгон диалектилик сөздөрдү киргизет [169:24].
111
Ошондой эле, ал диалектизмдерди колдонулуш чөйрөсүнө карай 
төмөнкүдөй 
түрлөргө 
бөлүштүрөт: 
а) 
адабий 
тилде 
өздөштүрүлүп кеткен сөздөр, б) көркөм чыгармаларда 
колдонулуп жаткан диалектилик сөздөр, в) белгилүү бир 
диалектинин өкүлдөрүнүн тилинде гана (жалаң алар түшүнө 
турган) колдонулган сөздөр [169:24-25].
112
Бул бөлүштүрүүнүн 
экинчи түрү жөнүндө айтарыбыз, эгер диалектилик сөз адабий 
тилде өздөштүрүлгөн болсо, анда ал диалектизм касиетин 
жоготот, адабий тилдин активдүү лексикасына өтөт. 
Проф. Ж. Мамытов лексикалык диалектизмдерди таралыш 
территориясы боюнча: 1) тар территорияга таралган жана 2) 
көпчүлүк говорлорго кеңири таралган диалектизмдер болуп эки 
типте 
учурарын 
белгилейт 
[97:107-109].
113
Булардын 
биринчилери айрым говорго же говорлордун тобуна гана 
тиешелүү болуп, говордук дареги бир кыйла дайын экенин 
көрсөтүп, Т. Касымбековдун чыгармаларынан калдач, эрнөө, 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling