33
Б.М.Юнусалиевдин: «ичкилик диалектиси өз ичинен говорлорго
бөлүнүшү мүмкүн» [191:83],
127
-деген пикиринин дагы бир
далили жана бул диалектини сыпаттама усулда кеңири иликтөө
зарылдыгын көрсөтүп турат.
Ырас, түштүк батыш диалектиге мүнөздүү делген сөздөрдүн
бир бөлүгү «кыргыз тили менен жакын тектештиги жок карлук
тобуна кирген уйгур, өзбек тилдерине байланыштуу. Түштүктөгү
башка кыргыз говорлоруна караганда ичкиликтердин говоруна
мындай өздөштүрүлүп алынган элементтер (өзгөчө лексикалык
элементтер) көбүрөөк таралган.
Мындагы бир катар фактылар
азыркы тажик тилине да байланышат. Алар ичкиликтерге иран
тилдеринде сүйлөөчү калктар (көбүнчө тажиктердин өздөрү жана
буга кошулган топтор) же өзбек тили аркылуу келип кирген»
[1:32].
128
Бул ичкилик кыргыздардын
аталган элдер менен
коомдук-саясий, экономикалык жана маданий жактан тыгыз
алакада экендигинен кабар берет.
Көркөм чыгармалардан кездешкен
андай диалектизмдердин
кээ бирлери тажик же өзбек тилиндеги мааниде,
ошондой
тыбыштык формада колдонулса, кайсы бирлери өтмө мааниде же
өзгөрүлгөн фонетикалык турпатта жумшалат:
Ошентип,
Шырдакбек торолуп калган кезде, Ханума келинди Элибай
дөөкар токол кылып катындыкка алат (Н.С. «Х.Ш.», 27).,
-Аха,
бир ат, бир мүрү таңгага алдым эле. Мага улоо болор ат
берсеңиз болду. Бир мүрүсүн сиз үчүн кечтим. –Э, куллук дөөкар!
Куллук! (М.Ү. «С.ж.», 62).
Do'stlaringiz bilan baham: