Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


такылетти (Н.С. «Х.Ш.», 122; ад.т. «сыяктуу»)., Мунун  аркасынан тогуз жыл элинен бедарга


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet22/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

такылетти (Н.С. «Х.Ш.», 122; ад.т. «сыяктуу»)., Мунун 
аркасынан тогуз жыл элинен бедарга болору... тамы-
таштарынын өрттөлөрүн кайдан ойлоп коюптур (Н.С. «Х.Ш.», 
91-92; ад.т. «жат, тентиген») ж. б.
Диалектизмдердин эстетикалык категория катары көркөм 
чыгармалардагы негизги кызматы - образ түзүү. Ошондуктан 
аларды көркөм сөз чеберлери өз идеясын жүзөгө ашырууга 
көмөктөшкөн көркөм каражат иретинде пайдаланышат. Нагыз 
диалектизмдердин 
адабий 
тилде 
синоним 
түгөйлөрү
болгондуктан, алардын ордуна адабий эквиваленттерин 
колдонушса да боло бермек. Бирок табигый, көркөм окурманга 
башкача сезилип, анын көнүшүм тилдик кабылдоосун козгогон 
сөздү киргизүү сүрөткерлерди «сөз азабын «тартууга» 
мажбурлайт. 
Ошол 
түйшүктөрдүн 
бири 
– 
көбүнчө 
каармандардын кебин берүү, ар бир каармандын өздүк кептөө 
(сүйлөө) манерасын түзүү. Адабиятыбыздын тарыхында 
белгилүү болгондой, кесипкер сөз өнөрүбүздү түптөөгө салым 
кошкон жазуучулардын бири С. Сасыкбаев сүлүктүлүк 
кенчилердин турмушун баяндаган «Түпкүрдөгү нур» аттуу 
чыгармасында сүрөттөлгөн аймактын тилин – түштүк батыш 
диалектисиндеги өзгөчөлүктөрдү, билбей, кейипкерлерин адабий 
тилде сүйлөтүп өз учурунда сын укканы белгилүү.
Нагыз лексикалык диалектизмдердин 
көркөм чыгармалардагы кызматы 


36 
Нагыз лексикалык диалектизмдер - табияты боюнча 
жазуучуну кейипкер тилинде «атайлап колдонушка» түрткөн, 
жергиликтүү кептик колоритти билдирген тилдик каражат. Муну 
авторлор туюп, ыктуу урунушкан: -Жо-жок. Мен пияда эле... 
Алдыңызга түшүп... Колдош алдыга түшүп, жүрүп калды (М.Г. 
«Д.ш.», 76; ад.т. «жөө»)., -Келбейт! –деди Таймат бий шар гана. 
– Ошо ордого келбестин гаразында бизден оолактап качып 
жүрөт (Н.С. «Х.Ш.», 158; ад.т. «шылтоо»)., -Көрдүңүзбү, 
чептин дубалдарынан да, анын гыжааларынан да атылган сиз 
коркоктор дегендердин түтөмө куралдары айбаттуу экен (Н.С. 
«Х.Ш.», 164; ад.т. оюк, жарака)., -Эшен жөн жатпайт 
окшойт, бир кысылатын көрсөтөт окшойт (Н.С. «Х.Ш.», 86; 
ад.т. «керемет») ж. б.
Түштүк батыш диалектиде адабий тилдеги дегитүк, абдан, 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling