Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet30/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Тамаша десеңиздер тамаша, күрөш десеңиздер күрөш, -деди 
Садык. –Биз сиздер кайсынысын ылайык тапсаңыздар, макулбуз  
(Н.С. «Х.Ш.», 215).
Лексикалык 
диалектизмдердин 
бул 
түрү 
автордук 
баяндоолордо да учурайт. Муну кошумча экспрессия берүү, 
сүрөткерлердин субьективдүү мүдөөсү, адабий тилдин лексика-
семантикалык кудуретин байытуу максаты катары кароого болот:
Байыркы бабалары менен мамаларынан (түпкү эне) тартып, 
бүт аблаттарынын бейиттери ошол жерде  (Н.С. «Х.Ш.», 65).,
Эртеси жыты сиңип, убагында башпаанек тутушкан элдин 
алдынан өтүшүп, үзүр (кечирим) сурашып, ака, үкө Бакынын 
кыргыз аялын алышып, жолго чыгышты (Н.С. «Х.Ш.», 67) ж.б. 
 
Этнографиялык диалектизмдер 
 
Лексикалык диалектизмдердин үчүнчү түрү - этнографиялык 
диалектизмдер. Булар «жергиликтүү элдин турмуш шартына
чарбачылыгына, үрп-адатына тиешелүү болгон нерселердин, 
буюмдардын, көрүнүштөрдүн аттарын көргөзөт» [134:192].
162
Анткени ар кайсы аймактарда жашаган кыргыздардын турмуш-
тиричилигинде, жүргүзгөн чарбачылыгында, жергиликтүү флора, 
фаунасында 
белгилүү 
айырмачылыктар 
бар. 
Ичкилик 
кыргыздардын заттык жана рухий маданиятында да бир катар 
өзгөчөлүктөрдүн байкаларын этнограф окумуштуулар белгилеп 
жүрүшөт [14:180].
163
Түштүк батыш диалектисиндеги 
этнографиялык 
диалектизмдер 
ошолорго 
байланыштуу 
түшүнүктөрдү туюндурат. Мисалы: куртек. «мөмө жемиштин 
өтө шире алып бышкан учуру», сүрөт «жешке эртелик кылган, 
дүмбүл боло элек жүгөрү сотосу», гааба ҮҮ кээбе (козу) «сүткө, 
жемге тойбой арыктаган», даана «чоң арыктардан чыккан майда 
арыктарга (шак арыктарга) суу бура турган жер, шак арыктардын 
башы», тараш «килем токууда түр (түк) 10-15 см. токулгандан 
кийин, аны улам кайчы менен таарып-кыркып, тегиздеп туруу» 
ж. б. Мындай сөздөрдүн көбүнчө адабий тилде абсолюттук 
162
Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы.-Б.: Кыргызстан – Сорос фонду, 1997. -192-б. 
163
Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. –Б.: Кыргызстан, 1995. -180-б. (216 б.) 


49 
синонимдери жок болот. Алар жалпы жамаатка да түшүнүктүү 
боло бербейт. Ошондуктан этнографиялык диалектизмдер 
лингвистикалык адабияттарда сыпатталып түшүндүрүлөт. 
Албетте, диалектилик сөздөрдүн бир түрү катары булар да 
адабий тилге мүнөздүү эмес, анын чегинен сырткары көрүнүш. 
Бирок жалпы элдик лексикалык системанын зор байлыгын түзүп, 
«диалектиден гана эмес, говорлордон да учурап, адабий тилдин 
лексикасын байытууга алда канча жарамдуу» [15:157]
164
келет.
Этнографиялык 
диалектизмдерге 
элдик 
тилдеги 
колдонулушу чектелбеген же диалектилик сөздөрдүн «жалпы 
аттарынын дифференцияланган атоолорун да кошууга болот» 
[15:156]
165
Мисалы: Күчүк - «килем токууда эриштин 
чатышынан алууга ылайыкташтырылган түрдүн кичинекей 
орому», жалпы термин. Түрдүн түсүнө карай сары күчүк, кара 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling