Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet28/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Семантикалык диалектизмдер 
 
Адабий тилдеги тигил же бул сөз көп маанилүү келип, анын 
айрым семалары диалектилик мүнөздө болуп, ал маани өз 
кезегинде 
адабий 
кепте 
колдонулса, 
семантикалык 
диалектизмдерге кирет. Буга адабий тилдеги аба сөзүн мисал 
келтирүүгө болот. 
Аба Ад.т. 1) «жалпы эле өзүнөн улуу эркектерге 
кайрылганда айтылуучу сөз» [89:13];
153
Түшт.б. диал. жана чыг. 
2) «өзүнөн улуу эркек бир тууган ага, байке. 3) «чоң атасы бар 
болсо, өз атасын аба дейт»: Болду жетет пейилиңден кайт, аба
Ү Атабыздын жолун жолдо кайтала (Э.Э. «Мах.», 300)., Ата 
болуп бар үмүтүң актабай, Кечир мени, бала пейил абаңды  
(К.П. «А.к...», 77). Аталган сөздүн диалектилик маанилери 
ичкилик кыргыздарга мүнөздүү экенин Ш.Жапаров да 
белгилеген [64:127].
154
Патир. Ад.т. 1) «май кошуп сүткө жуурулган токоч» 
[89:495],
155
2) Түшт.б. диал. жана чыг. «камырга көптүргү 
кошулбай жуурулуп, чокко какталып бышырылган нан»:
Камырдын учунан патир дегендей, сыйдын ана башы анан 
болот (Н.С. «Х.Ш.», 43). 
Домбура. Ад.т. «казак элинин эки кылдуу музыкалык 
аспабы» [88:159].
156
Түшт.б. диал.жана. чыг. «комуз» [134:193].
157
Как. Ад.т. бул этиштин ар түрдүү алты эркин жана туруктуу 
сөз айкалыштарындагы байланышкан маанилери көрсөтүлгөн 
[89:268].
158
Түшт.б. диал. жана чыг. «чертүү»: Домбураны 
бирөөсү бар болушунча какты эле, бардыгыбыз бийлеп кирдик
(Н.С. «Х.Ш.», 37). 
Кыйык. Ад.т. «тил албас, кежир» [89:393].
159
Түшт.б. диал. 
жана чыг. «кычы, чыр»: Айтор, элдин бүшүркөп караган эсин эки 
кылып, акыры кыжың-кужуң, кыйык …сөздөргө өтө 
башташты (Н.С. «Х.Ш.», 101). 
153
КТТС. 13-б. 
154
Жапаров Ш. Лейлек говорунун лексикалык ъзгъчъл\ктър\нън // Кыргыз тили боюнча изилдъълър. –Ф., 1970. -127-б. 
155
КТТС. 495-б. 
156
КТТС. 159-б. 
157
Бул маанини А. Сапарбаев да белгилеген. 193-б.
158
КТТС. 268-б. 
159
КТТС. 393-б. 


47 

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling