Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Кык. Ад.т. «майда малдын тезеги»». Түшт.б. диал. жана  чыг. «көң»: -Же дагы кыкка


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet29/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Кык. Ад.т. «майда малдын тезеги»». Түшт.б. диал. жана 
чыг. «көң»: -Же дагы кыкка жүр деп келдиби деп коём ичимен. 
Бизде көбүнчө очокко кык жагат (Н.С. «Күн б.», 116) ж.б. 
Лексикалык 
диалектизмдердин 
түрлөрүнүн 
стилдик 
кызматтарында көп жалпылыктар болгон менен, ар биринин 
өзүнө тиешелүү бөтөнчөлүктөрү да бар. Лексика-семантикалык 
диалектизмдер табияты боюнча адабий тилдеги сөздөргө 
тыбыштык жактан окшош. Ушул бөтөнчөлүгү анын стилдик 
функциясына мүнөздүү белгилердин, мүмкүнчүлүктөрдүн 
негизин түзөт. Бул тууралуу окумуштуу Е.Ф.Петирищева: 
«Тыбыштык составы боюнча адабий түрлөрү менен туура келип, 
бирок 
алардан 
маанилик 
же 
стилдик 
мамилелеринен 
айырмаланган сөздөрдүн функциялары көп учурда адабий 
тилдеги менен окшош кабыл алынат» [128:22]
160
деп жазат. 
Демек, окурмандын көркөм кабылдоосунда «тааныш сөздөн» 
бейтааныш түшүнүктөгү сөз учурап, анын жан дүйнөсүндө жаңы 
таасир өнөт. Лексика-семантикалык диалектизмдердеги ушул 
өзгөчөлүктөрдүн негизинде калемгерлер сөз оюндарын, 
каламбурларды жаратышат. Мындай стилдик фигуралар 
обьектибиздеги материалдарда сейрек болсо да учурайт:
Ал. Ад.т. бул этиш сөздүн 17 мааниси көрсөтүлүп жүрөт 
[89:29-30].
161
...Бардыгыбыз бийлеп кирдик. Манаш дегеле 
болбойт, ...былкылдап-солкулдаганына кыраан каткы кыйрап 
калышты. Тегеректеп алышып (ад.т. «дуушар кылуу, туш 
келүү») «баатыр аласыз» (Түшт.б. диал.«иш-аракетти аткаруу, 
иштөө») деп, ой-боюна койбой, Бүбүнур экөөнү ортодон 
чыгарышпайт (Н.С. «Х.Ш.», 37)., Чыгаан илимпоз ишмерлер 
ушу эки суу боюнун жака белинен чыгат, себеби суунун тунугун 
ичишет дегендей, Майрам эжей да ошо кандек өрүгү менен 
даңкталган Самаркандектин дайра боюнун кызы (Н.С. «Х.Ш.», 
185). 
Башка диалектизмдердей эле каармандардын кебиндеги 
жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү берүүдө колдонулат. Бул тике 
сөздөр аркылуу диалогдордо, полилогдордо, репликаларда 
жүзөгө ашкан: -Күндө эле жатарда чарбы (эчкинин ич майы) 
менен майлайын деп унутуп калам, -деди ал актангандай (Н.С. 
160
Петрищева Е.Ф. Внелитературная лексика в современной художественной прозе // Стилистика художественной 
литературы. –М.: Наука, 1982. – 22-б. (19-33-б-р.) 
161
КТТС. 29-30-б-р.


48 
«Күн б.», 76)., -Тамаша (көк бөрү) бересизби? –деп калды улак 
тартыш оюнунун жеткен ышкыбозу Сабырбай жарчы. –

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling