Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Нагыз лексика-семантикалык диалектизмдер


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet26/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

 
Нагыз лексика-семантикалык диалектизмдер 
 
Адабий кепте колдонулуп, андагы сөзгө айтылышы боюнча 
да, жазылышы боюнча да дал келип, мааниси боюнча 
146
Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясы жана фразеология. –Б.: Кыргызстан, 1998.-42-43-б-р. 
147
Сапарбаев А. Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы.-Б.: Кыргызстан – Сорос фонду, 1997. -193-б. 
(328 б.) 
148
Давлетов С., Мукамбаев Ж., Турусбеков С. Кыргыз тилинин грамматикасы: I бъл\м. –Ф.: Мектеп, 1982. - 56-б. 


44 
айырмаланган диалектилик өз алдынча сөздөр нагыз лексика-
семантикалык диалектизмдер деп аталат. Мисалы: 
Карс. I Ад.т. «урулуудан, согулуудан ж. б. чыккан дабыш», 
Карс II Түшт.б. диал. жана түшт. чыг. диал. «ак жоолук»:
Тоолор, тоолор – карс салынган кемпирлер  (К.С.«Кер.», 17).
Жүүн I Ад.т. «кыр аркалардын бириккен, муунакталып 
кошулган жери». Жүүн II Түшт.б. диал. жана чыг. «жаан, жаан-
чачын»: Айыл жолу да. Кургакчылык маалда чаңыйт, жүүн 
кезде баткактайт (Н.С. «Күн б.», 112). 
Арак I Ад.т. «спирттик ичимдик». Арак II Түшт.б. диал. 
«үйдүн ичинен дубалдын үстү, торсундардын асты жагынан 
тегерете коюлган, кештеленген тактай»: Кошмок өскөн талым 
бар, Кош арактуу тамым бар (Н.С. «Х.Ш.», 145). 
Мама. I Ад.т. «эмчек». Мама II Түшт.б. диал. «жалпы эле 
улгайган аял жана бир уруктагылардын аксакалынын аялы»: -
Корксоң, мамаңа барып апаптатып ал (Н.С. «Х.Ш.», 263).
Ушул жерде төмөнкү эки нерсени кыстара кетүүнү оң 
көрдүк. Биринчиси уруктун аксакалы түштүк батыш диалектиде 
баба деп айтылат. Адабий тилде баба түпкү ата, айрым өндүрүш, 
чарбанын колдоочусу, тотеми маанилеринде. Андыктан түпкү 
энелерибизди мама диалектизми менен туюнтуп, адабий 
тилибизди байытсак, неге болбосун?! Ошондо Бакай баба

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling