Сабактын аталышы: Кыргыз адабияты Классы: 8 Чейреги: 3
Сабактын темасы: Фольклордук чыгармаларды сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү эл ырчыларынын эмгеги.
Сабактын максаты:
а) Билим берүүчүлүк: Фольклордук чыгармаларды сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү эл ырчыларынын эмгеги жөнүндө маалымат алышат.
Фольклор жанырынын өнүгүшүнө салым кошкон чыгармачыл инсандар менен танышышат.
б) Тарбия берүүчүлүк:
Фольклордук чыгармаларды сактоону, аларды кийинки муундарга жеткирип берүү керектигин сездирүү.
Мекенин, элин урматтоону үйрөтүү.
Каада-салттарыбызды урматтоону үйрөтүү.
в) Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучулар адабий тилдин нормасында туура, так жазууга, сүйлөөгө жана кеп маданиятына тарбиялоо.
Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү
Сабактын формасы: стандарттык эмес.
Сабакта колдонулган интерактивдүү ыкмалар: интерактивдүү методдун стратегиялары
Сабактын жабдылышы, каражаттар: окуу китеби, доска, бор, темага ылайык таркатмалар, портреттер.
Предмет аралык байланыш: музыка, тарбия.
Сабактын ыкмасы: Изденүү, изилдөөчүлүк.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу (Мотивация):
-Окуучулар менен саламдашуу;
-Окуучуларды катышуусун аныктоо;
-Сабакка көңүл бурдуруу;
-Психологиялык жагымдуу маанай түзүү;
2. Өтүлгөн тема боюнча окуучулардын билимин текшерүү:
-Үй тапшырманы суроо;
-Окуучуларга берилүүчү суроолор:
1. Асан Кайгы кандай инсан болгон?
2. Эмне себептен ал Асан Кайгы аталып калган?
3. Асан Кайгы ырында эмнелерге кайгырган.
3 Сабактын темасы, максаты жана күтүлүүчүү натыйжалар менен тааныштыруу.
- Өтүлүүчү сабактын темасын, максаттарын жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу айтуу.
4 Жаңы теманы түшүндүрүү:
Жаңы теманы түшүндүрүүдөн мурда окуучулардан фольклор дегенде эмнени түшүнүүсүн суроо.
Фольклор (анг.— элдик акылмандык; элдик билим) — элдик оозеки чыгармачылык. Жалпы эле көркөм адабият элдик оозеки чыгармачылыктан жана жазма адабияттан турат. Мына ошол элдик оозеки чыгармачылык 1847-жылы англиялык окумуштуу В. Томстун сунушунан кийин фольклор деп аталат. Бул сөз англис тилинде «элдик билим, акылмандуулук» деген маанини билдирет. Фольклордо элдин тарыхы, улуттук белгилери, карым-катнаштары, психологиялары, турмуштук түшүнүктөрү оозеки баяндалган. Мындай чыгармаларда элдин ушундай болсо деген идеялары, үмүт-тилектери, кызыгуулары чагылдырылып, элдүүлүк мүнөзү күчтүү өнүккөн. Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан негизги өзгөчөлүктөрү булар:
1. Коллективдүүлүгү
2. Варианттуулугу.
3. Традициялуулугу.
4. Оозеки болушу.
5. Көркөмдук системасында туруктуу сөздөрдүн, фантастиканын, гиперболанын кеп кездешиши, реалдуулукка караганда, идеалдуулуктун көп өкүм сүрүшү.
Мына ушул белгилери менен фольклор жазма адабияттан айырмаланып турат, өз кезегинде фольклордук жанрлар, ой жүгүртүүнүн ушундай оозеки формасы, фольклордук образдар, сюжеттер, сүрөттөө каражаттары жазма адабиятка таасирин тийгизет.
Фольклор жанрына салым кошкон окумуштуулар менен тааныштыруу.
5. Сабакты бышыктоо:
-Сабакты бышыктоо максатында окуучуларга төмөндөгүдөй тапшырмаларды берилет.
1. Класстер усулу методу
2. Венн диограммасы методу
3. Синквейн метотдорунан пайдалануу.
6. Сабакты жыйынтыктоо: Баалоо
Окуучулардын билим билгичтигине, активдүүлүгүнө карай критерийлерге таянып баалоо.
7. Үйгө тапшырма берүү.
Ар бир окуучу фольклор жанрына тийиштүү болгон чыгармалардан ( ондон макал, бирден жомок, бирден жаңылмач) баттар келүү.
Do'stlaringiz bilan baham: |