Бөлүм Экономикалык негизи, негизги каражаттардын мазмуну жана эсепке алуу


- Негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча алгачкы документтер


Download 145.5 Kb.
bet10/27
Sana05.11.2023
Hajmi145.5 Kb.
#1749682
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   27
Bog'liq
Дип Негиз кар Ома 2023

- Негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча алгачкы документтер
Негизги каражаттардын кыймылы менен байланышкан бардык операциялар баштапкы документтер менен таризделет, алар эсепке алуунун тууралыгын жана өз убагында болушун камсыз кылат. Уюмдун уюштуруу-укуктук формасына карабастан негизги каражаттардын эсеби инвентардык объекттер боюнча классификациялык топтор боюнча бухгалтерияда түзүлөт.
Аларды кол менен иштеп чыгууда "ТЕS-групп" ЖЧКда колдонулуучу негизги каражаттар боюнча эсептик маалыматтын эң маанилүү типтүү формаларынын тизмесин жана кыскача мүнөздөмөсүн келтиребиз:

  • НК-1 формасы-кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы - негизги каражаттардын келип түшүүсүн жана чыгарылышын тариздөө үчүн негизги каражаттарды өткөрүп берүү актысы;

  • НК-2 формасы -ишкананын ичинде айрым объекттерди жылдыруу боюнча которуу операцияларын тариздөө үчүн негизги каражаттарды ички которууга коштомо кагаз;

  • НК-3 формасы-капиталдык оңдоодон, реконструкциялоодон жана модернизациялоодон кийинки объекттерди тариздөө (кабыл алуу) үчүн оңдолгон, реконструкцияланган жана модернизацияланган инвентардык объекттерди өткөрүп берүүнү кабыл алуу актысы;

  • НК-4 формасы-негизги каражаттарды чыгарууну тариздөө үчүн негизги каражаттарды жоюу жөнүндө акт.

  • НК-6 формасы-имараттардын жана курулмалардын, машиналардын, жабдуулардын, аспаптардын, өндүрүштүк жана чарбалык инвентарлардын, бир типтеги объекттердин топтук эсебинин инвентардык карточкалары.

  • НК-10 формасы-инвентардык карточкаларды каттоо жана алардын сакталышын контролдоо үчүн негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча инвентардык карточкалардын тизими;

  • НК-11 формасы-чакан ишканаларда инвентардык карточкалардын ордуна объекттердин аналитикалык эсебин жүргүзүү үчүн негизги каражаттарды эсепке алуунун инвентардык китеби;

  • НК-12 формасы-классификациялык топтор боюнча негизги каражаттардын кыймылын эсепке алуу карточкасы;

  • НК-13 формасы-негизги каражаттардын сакталышы үчүн жооптуу адамдар боюнча объекттер жайгашкан (эксплуатацияланган) жерлердеги негизги каражаттардын инвентардык тизмеси.

Изилденүүчү уюмда негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча бир нече гана форма колдонулат: негизги каражаттарды чыгарууну тариздөө үчүн негизги каражаттарды жоюу жөнүндө акт (форма НК-4); негизги каражаттарды эсепке алуунун инвентардык китеби (форма НК-10).

Download 145.5 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   27




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling