Бөлүм Экономикалык негизи, негизги каражаттардын мазмуну жана эсепке алуу


Негизги каражаттардын синтетикалык эсеби


Download 145.5 Kb.
bet6/27
Sana05.11.2023
Hajmi145.5 Kb.
#1749682
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   27
Bog'liq
Дип Негиз кар Ома 2023

Негизги каражаттардын синтетикалык эсеби
Негизги каражаттар-товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү же берүү ижарага берүү же административдик максаттар үчүн пайдаланылуучу жана бир жылдан ашык убакытта пайдалануу болжолдонгон материалдык активдер. Негизги каражаттардын синтетикалык эсеби 2100 "негизги каражаттар" эсебинде жүргүзүлөт. Бул эсеп активдүү, дебет боюнча негизги каражаттардын түшүүсү жана кредит боюнча негизги каражаттардын чыгуусу чагылдырылат. 2100 "негизги каражаттар" эсеби субъектке менчик укугунда таандык болгон же финансылык ижара шартында ижарага алынган негизги каражаттардын; пайдаланууда, запаста турган негизги каражаттардын; монтаждоону талап кылган жабдуулардын; негизги каражаттардын курулуп жаткан объекттеринин бар экендиги жана алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
Эсептер планында пайдалануу түрү жана ыкмасы боюнча окшош негизги каражаттарды эсепке алуу үчүн өзүнчө эсептер каралган.

  • 2110 Жер

  • 2120 бүтпөгөн ънд\р\ш

  • 2130 имараттар, курулмалар

  • 2193 Топтолгон амортизация-курулманын имараттары

  • 2140 жабдуулар

  • 2194 Топтолгон амортизация-жабдуулар

  • 2150 кеңсе жабдуулары

  • 2195 Топтолгон амортизация-кеңсе жабдуулары

  • 2160 эмерек жана буюмдар

  • 2196 Топтолгон амортизация-транспорт каражаттары

  • 2180 ижарага алынган мүлктү көрктөндүрүү

  • 2198 Топтолгон амортизация-ижарага алынган мүлктү көрктөндүрүү

  • 2190 жер участокторун көрктөндүрүү

  • 2199 Топтолгон амортизация-жер участокторун көрктөндүрүү

Финансылык ижара келишими боюнча ээлик кылуучунун же ижарачынын тескемесинде турган жана товарларды өндүрүүдө же жөнөтүүдө, кызмат көрсөтүүдө же административдик максаттарда пайдалануу үчүн арналган жер же имарат (имараттын бөлүгү) ФОЭСтин "негизги каражаттар" деп аталган 16-стандартына ылайык классификацияланат жана "негизги каражаттар" категориясында эсепке алынат.
Ижаралык төлөмдөрдү, нарктын өсүшүнөн түшкөн кирешелерди алуу максатында менчик ээсинин карамагында турган, бирок товарларды өндүрүү же берүү (кызмат көрсөтүү) же адаттагы иштин жүрүшүндө сатуу үчүн эмес кыймылсыз мүлк (жер, имарат же имараттын бөлүгү) ФОЭСтин "кыймылсыз мүлккө инвестициялар" деп аталган 40-стандартына ылайык "кыймылсыз мүлккө инвестициялар" категориясына классификацияланат.
2193-2199 "Топтолгон амортизация" эсептери - бул, негизги каражаттардын эсептерине карата контракттык эсептер жана белгилүү бир негизги каражаттардын же негизги каражаттардын тобунун амортизациясы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган.
2110-2190 "негизги каражаттар" эсебинин дебети боюнча негизги каражаттарды сатып алууга кеткен айкын сарптоолор (баштапкы нарк) чагылдырылат. Сатып алууга кеткен айкын сарптоолор сатып алуу баасын, ошондой эле арналышы боюнча пайдалануу үчүн активди жумуш абалына өткөрүү боюнча кандай болбосун тике сарптоолорду камтыйт. Чет өлкө валютасында чагылдырылган сатып алууга кеткен айкын сарптоолор 2110-2190 "негизги каражаттар" эсебинин дебети боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюта менен операцияларды жүзөгө ашыруу учуруна карата белгиленген курс боюнча сом менен чагылдырылат.

Download 145.5 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   27




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling