Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги баткен мамлекеттик университети


Download 0.85 Mb.
Pdf ko'rish
bet40/45
Sana21.04.2023
Hajmi0.85 Mb.
#1370012
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45
Bog'liq
10.-Жороев-И.М.-Лексикалык-диалектизмдер-изилдениши-жана-стилдик-өзгөчөлүктөрү-Ош-2014

Таштаман - «таманы резинкадан тигилген, көбүнчө 
мергенчилер кие турган чарыктын түрү». 
Залкар жазуучу Т.Сыдыкбеков: «Жазуучу сууну сүрөттөсө, 
анын аккан өзөнүн, чертилген көбүгү, түбүндөгү ташына чейин 
көрүнүп олтурсун» [154:102],
197
-деп белгилеген сыңары жогорку 
этнографиялык диалектизмдерди М.Гапаров «Дарыялардын 
шоокумунда» Сононун жергиликтүү өзгөчөлүктөгү портретин, 
Ысман менен Закир ат багарлардын Ата мекендик согуш 
маалында кийим-кечек тартыштыгын тарткан абалын, К.Сабыров 
акынды мергенчиге салыштырган «Поэзиям, мен сенде 
мергенчимин» деген ырында «мергенчи кебетелүү» акындын 
сырткы турпатын берүүдө чебер пайдаланышкан: Башында 
жука көк жоолук, үстүндө кызыл көйнөк менен кара бакмалдан 
камзир, а бутунда эски масти-калиш (М.Г. «Д.ш.», 41)., Бир 
айдан бери экөөлөп өгүздүн терисин ийлешет. Терини 
жакшылап бышырып туруп, өздөрүнө пайчеки тиктиришмекчи 
(М.Г. «Д.ш.», 32)., Тытылды урчуктарга манжаларым, 
Тытылды тамтыгы жок таштаманым  (К.С.«Кер.», 27) ж. б. 
-Ке, тарт. Тарт! –деди чал анын сөзүнө маани бербей. 
Кемпир чымыркана тартты. Маасы чыга бербеди.
-Ой атала ичкенсиңби? –деди чал. Кемпир кыңк этти: 
-А. Сиз да Карасанга бара тургансыбай, пайтама менен 
чулгоону азыраак оросоңуз боло? (Н.С. «Күн б.», 77). 
Кышкы чилдеде суу болуп катып калган чалынын маасысын 
тартып чече албай жаткандагы кемпир-чалдын бул диалогунда 
кемпирдин 
кебинде 
колдонулган 
пайтама 
лексикалык 
диалектизми, чулгоо сөзү жана саратанда да жаш жигит араң 
барган Карасан топонимин (Лейлектеги каттоо шарты татаал 
жайлоо – И.Ж.) аркылуу Н.Сайдуллаев жумшак юморду 
туюндуруп жатат. Ал жалпы контексттен, маасынын кончун 
тиреп орлгон пайтама лексемасынан даана сезилип турат.

Download 0.85 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling