61
дыйканчылыктын кеңири өнүгүшүнө таасир эткен. Булар ушул
тармакка таандык этнографиялык диалектилик сөздөрдү
пайда
кылган. Көркөм чыгармалардан аталган тематикага кирген
диалектизмдерден
шак «эгин жайга суу коюлуучу кичинекей
арыктын жээги»,
шак арык «чоң арык, каналдардан эгин
жайларга, айылдарга кетүүчү кичинекей арык»,
даанаҮҮдаане
«арыктын
суу бура турган башы, алыш»,
абиз «агын суусуз
жерлердеги атайын суу токтотула турган көлмө»,
как таш
«таштардын бетине атайын суу токтотуу үчүн жасалган оюк,
чуңкур»,
саңгалак «сел
ага турган, чөп аз өскөн таштуу жер»,
убат «эгин жайлардын дыйканчылыкка жараксыз чет-жакалары»
ж. б.
Жогорку диалектизмдерди сөз чеберлери чыгармаларында
каармандардын турмушундагы сугатчылыкка, тегирменчиликке,
дыйканчылыкка
мүнөздүү
жагдайларды,
жер
бетинин
ландышафтарын,
көрүнүштөрдү,
ушул
багыттагы
иш-
аракеттерди сүрөттөөдө колдонушканын көрөбүз:
Жөөктүн ичи
менен чайпала басып, шакка, Маликтин жолуна карай, чыгып
келатыптыр. Шакта чырпыктан токулган себет, бир
түйүнчөк, бир термос турат (М.Г. «К.б.», 81).,
А суу кайсыл
маалда болсо да келе берет: арыктын даанасы ачык, а ноодун
оозун тосуп турган жыгач калак өйдө көтөрүлүп коюлган…
(М.Г. «Д.ш.», 9).,
Суу аккан шак арыкты бойлоп барса, алмасы
ийиле бышкан бир аблиге туш келет (Н.С.«Х.Ш.», 30).,
-Ии,
өлсөңчү, -деп койду чалы. Анан экөө кан жолду абайлап өтүштү
да, убат аркылуу Жүзбай саркардин үйү тарапка кетүүчү
Do'stlaringiz bilan baham: