Qirgiz respublikasi konstitusiyasi


Коопсуздукту издей I: Сүйүн Өмүрзаковдун тармагына болгон каршылык


Download 433.13 Kb.
bet32/35
Sana16.06.2023
Hajmi433.13 Kb.
#1495432
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   35
Bog'liq
Qirgiz konstitutsiyasi

Коопсуздукту издей I: Сүйүн Өмүрзаковдун тармагына болгон каршылык
Милициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, Сүйүн Өмүрзаков спортчулар машыгууларын жүргүзгөн Оштогу бир нече спорттук клубдардын ээси. Укук коргоо органдардын арасында бедели жогорку деңгээлде болсо да, Оштогу жергиликтүү ишкерлердин арасында анын аброю төмөн.
2018-жылдын 12-сентябрь күнү Сүйүн Өмүрзаковдун спортчуларынын тиешеси бар делген иликтөө иштерин “Азаттык” радиосунун журналисттери жүргүзүшкөн. Ошондой эле, журналисттер Өмүрзаковдун үй-бүлөсүн дагы териштирип чыгышкан. Алардын айтымында, Сүйүн Өмүрзаковдун байкеси, Ош шаарынын облустук прокуратуранын кызматкери, Улукбек Өмүрзаковдун тиешеси бар экен деп чыккан.[13]
Бул факт “Өмүрзаковдун спортчулары Ошто “иммунитети” барбы?” деген аталыштагы иликтөө отчетунун тыянактары менен далилденген. Бул отчет өз алдынча жергиликтүү ишкерлер Оштогу Өмүрзаков тарабынан опузалоого кабылгандарына даттанышканын тастыктаган.[14] Мындай шектүү иштери ачыкка чыккандан кийин Улукбек Өмүрзаков ишкерлерди коркутуп, арыздарын алып кетүүгө мажбурлоого далалат жасаган деп айтылууда. Бул иши оңунан чыкпай калганда, аларды унчуктурбоо максатында ишкерлерге карата кылмыш иштери козголгон.[15]
2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Улукбек Өмүрзаков Ош шаарында кармалып, “Жол-Чырак” аттуу көмүр кен казуучу компаниясына кол салуунун уюштурулушуна шектелген. Прокурор менен биргеликте, укук коргоочулар “Мухаммад-Умар” аттуу спорттук клубдан дагы төрт кишини кармашкан. Таркатылган маалымат боюнча, алардан атайын жабдуулар таап алынып, керектелген салыктар менен социалдык төлөмдөрдү төкпөстөн, 82 миллион сомдон ашуун көмүрү мыйзамсыз жол аркылуу казылып, сатылган.[16] Жапаров менен жолугушканда жергиликтүү тургундар Өмүрзаковдун үй-бүлөсү түштүк борборду бүтүндөй басып алганын баяндап беришкен.[17]
Zoom платформасы аркылуу жүргүзүлгөн интервьюсунда Афтандил ысымдуу жергиликтүү тургун, Өмүрзаков президент Жээнбеков менен ортосунда байланышы бар экенин тастыктаган: “Жээнбеков менен Өмүрзаков бир эле “мафиянын” ичине кирет, анткени экөө тең Кара-Кулжалыктар. Өмүрзаков миллионер, ошондуктан ал өз “долясы” (тапкан кирешеси) менен Жээнбековдун “Кара-Кулжа” аттуу фонду менен бөлүшкөн. Алар бири бирине тууган болгондуктан, көп жылдар бою Жээнбеков Өмүрзаковду коргоп келген.”
Өзбек ресторанынын ээлеринин бири, Мухаммед мени менен телефон аркылу жүргүзүлгөн маегинде Сүйүн Өмүрзаков ишкерлерден акча талап кылып жүргөнү жөнүндө айтып берген. “Мени шаардын борборунда жайгашкан ресторанымды аларга сатууну суранышкан, буга байланыштуу мага спортчулар менен милиция коркутуу-үркүтүү жасашкан.” Анын ою боюнча, “Садыр Өмүрзаковдон коркпогонун көрсөтүү менен (далил катары Улук Өмүрзаков камакка алынышын) кайраттыгын чагылдырууда. “Садыр орус тилин билбесе да, бандит болсо да, чыныгы кайраттуулугун көрсөткөнү үчүн сабатсыз болуусу коркунучтуу нерсе эмес. Ишкерлерге жөн гана өкмөттөгү туруктуулук керек. Кылмышкерлер өз жазасын алышты. Демек, тартип орногонсуп келе жаткандай. Бирок, мындан ары иштер кандай болуп кетеерине көңүл бурушубуз керек” деген сөздөр менен комментарийин кошумчалаган.
Cүйүн Өмүрзаковдун кичүү инисинин камалышын өзбектер күчтүн белгиси катары кабыл алып, Жапаровго болгон мурунку ишенимин жанданткан. Жергиликтүү тургундардын сөздөрүнө караганда, ресторандардын ээлеринин коопсуздугунун алкагында бул камалыш Өмүрзаковдун түзгөн тармагын жөнгө сала алчу жөндөмүн көрсөтүп жаткан. Бирок, кийинчиреек, баардыгы татаалдашкан, себеби Сүйүн Өмүрзаков президенттик шайлоолордун убагында кичүү инисин түрмөдөн сактап калуу аракетинде түштүк аймакта көбүрөөк добуштарды чогултуу үчүн өз адамдарын топтоп, жигердүү иштеген.
Жапаровдун инаугурациясы өткөн соң 2020-жылдын 30-январь күнү Улукбек Өмүрзаков бошотулган. Бишкектин Биринчимай райондук сот тарабынан аны үй камагына чыгаруу боюнча чечими кабыл алынып, анын адвокатына, Икрамидин Айткуловдун сөздөрүнө таянсак аны мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төгүп берүүгө милдеттендирүү боюнча чечими чыгарылган.[18]
Изилдөөмдүн башка өзбек катышуучусунун “Карагыла! Жээнбеков “же балык эмес, же эт эмес” дегендей болуп, эч бир “духу” (эрки) жок болгон. Керек болсо Матраимовго [кеңири таанымал болгон паракорчулукка белчесинен баткан мурунку бажы кызматкери] да эч нерсе деген эмес. Анын ордуна Жапаров “кустуртам” деп айтып, Матраимовду мамлекеттик казынага 2 миллиард сом төктүрүүгө мажбурлаган. Учурда Улук өкмөткө 20 миллион сом төлөп берди” деген сөздөрү жогоруда белгиленген абалды тастыктагандай. Жапаровдун кишилери менен Сүйүн Өмүрзаковдун ортосунда сүйлөшүулөр жүргөнү же жүрбөгөнү тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок анын кичүү иниси Өмүрзаков Жапаровго ишенимдүү кишиси боло алгандыгын далилдей билген үчүн абактан бошотулганы толук ыктымал.

Download 433.13 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   35




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling