Qirgiz respublikasi konstitusiyasi
Жаңы чоң “шеф” келдиби? Кыргызстандагы улуттар аралык патронаждын тармактары
Download 433.13 Kb.
|
Qirgiz konstitutsiyasi
Жаңы чоң “шеф” келдиби? Кыргызстандагы улуттар аралык патронаждын тармактарыArticle by Dr. Aksana Ismailbekova June 30, 2021 2020-жылы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоолордон кийин 5-октябрдагы жыйынтыктары боюнча элдик нааразычылыктардан улам мамлекеттик төңкөрүш болгон. Ал жакта жаш саясий топтор менен ар башка оппозициялык партиялардан бир нече беделдүү саясатчылар болуп, бул окуяларда маанилүү ролду ойногон.[1] Бирок, Кыргызстандагы бийликтин үчүнчү жолку күч менен алмашуусу жөн гана бийлик үчүн күрөш менен негизделбестен, себептери тереңирээк болуп, түзүмдөргө байланыштуу болушу мүмкүн.[2] Башка көптөгөн топтор менен айрым жүздөрдүн катарында, Садыр Жапаровдун тарапташтары күч алып, жаңы башкаруучулар (Садыр Жапаров, Камчы Ташиев, Талант Мамытов) тарапташтар тарабынан чыныгы “патриоттор” катары кабыл алынса, көптөгөн этникалык азчылыктар, кыргыз элинин арасында кезиккен башка либералдардын жана космополиттер тарабынан “улутчулдар” катары кабыл алынган. Жапаров эркиндикке чыккан күнү, 6-октябрда Жогорку Сот тарабынан акталып, премьер-министр, кийин президенттин милдетин аткаруучу кызматына жетүүгө үлгүргөн. Өкмөттө 40 күн аралыгында иштегиче Жапаров маанилүү кызматтарга (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, парламенттин спикери, Башкы прокурор жана кийин президентикке аттануу максатында Жапаров бошоткон президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучусу) өзүнүн тарапташтарын дайындаган. Бирок, парламенттик шайлоолорду кайрадан өткөргөндүн ордуна Жапаров парламентти президенттик шайлоолор менен башкаруунун формасын тандоо боюнча референдумдун өткөрүү туралуу чечимин кабыл алууга басым жасаган.[3] Ошондой эле, республиканын Баш мыйзамынын жаңы долбоорун кайрадан иштеп чыгуусун демилгелеп, Конституцияны иштеп чыгуу боюнча Кеңешмени түзгөн. Мындай аракеттери коомду экиге ажыратып, бөлгөн.[4] Бардык саясий окуялардын жана Кыргызстандагы саясий абал тууралуу кийинки талкуулануулардын мезгилинде улуттук азчылыктардын абалы көңүлгө алынбаган бойдон кала берген. Учурдагы кыргыз саясатында бир парадокс орун алууда: мыйзам үстөмдүгү менен Конституцияга кайдыгер мамиле жасаганына карабастан, Жапаров эмне себептен популярдуу болуп турат? Мен мурунку изилдөөдө белгилегендей, Кыргызстан элинин арасындагы Жапаровдун популярдуулугу көбүнчө “өзүбүздүн балабыз” деген көз караштын үзүрү десе болот.[5] Бир нече образдарга ээ болгон жана авторитардык бийликке умтулган Жапаров “карапайым киши” катары кабыл алынып, улуттук лидер катары өзүнүн легитимдүүлүгүн өзүнүн болжолдуу жеке кыйынчылыктары аркылуу (абакта отургандыгы) алдыга илгерилетип жатат. Ошондой эле, Жапаровдун Кыргызстандын кримтөбөлдөр менен болгон тааныштыгын, көптөгөн жөнөкөй жарандарга жакын болгон тууганчылыгын, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө болгон ачык ниети, “өзүбүздүн балабыз” деген көз-караштын, ритуалдык символдор менен санжыранын баалуулуктарынын ийгиликтүү колдонулушу өз максаттарына жетүүдө таасирин тийгизүүдө.[6] Бул эсседе Кыргызстандагы улуттук азчылыктардын абалынын үстүндө жүргузүлгөн талдоо тууралуу маалымат берилип, менин мурунку изилдөөлөрүмдүн жана кийинки маектештер менен телефон аркылуу жакын арада алынган интервьюлардын негизинде алардын пикирлери баяндалмакчы. Ошондой эле, эсседе Кыргызстандын мамлекттик органдарындагы өзбек ишкерлер менен улуттар аралык патронаждары тууралуу кеп жүргүзулүп, алардын келечекке болгон көз карашын түшүнүүгө далалат жасалат. Download 433.13 Kb. Do'stlaringiz bilan baham: |
Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling
ma'muriyatiga murojaat qiling