Qirgiz respublikasi konstitusiyasi


Коопсуздукту издей III: “төмөнкү” жана “жогорку” улутчуллдуктардын ортосундагы тең салмактуулук


Download 433.13 Kb.
bet34/35
Sana16.06.2023
Hajmi433.13 Kb.
#1495432
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   35
Bog'liq
Qirgiz konstitutsiyasi

Коопсуздукту издей III: “төмөнкү” жана “жогорку” улутчуллдуктардын ортосундагы тең салмактуулук. 
Жапаровдун негизги атаандашы биринчи мамлекттик катчынын кызматында болуп турган кезде өзбектердин ЖМКларына каршы жүргүзгөн пропагандасынан улам “этникалык” улутчул деп аталып, түбү түштүктөн болгон Адахан Мадумаров эле.[19] Жапаров президенттик шайлоолордо элдин добуштарынын 82%на ээ болсо, Мадумаров Ош облусунда эле элдин добушунун 10%на ээлик кылып, Жапаровдон кийин экинчи орунда болгон.[20] Бирок, этникалык азчылыктар гана жалгыз эмес, башкалардын көзүндө да ал улутчул адам катары эсептелген. Ал 2007-жылы “Кыргызстан чындап эле баарыбызга үй, бирок башка улуттар бул жерде жөн гана “ижарага жашаган адамдар”” деген чагымчыл сөздөрүн айтуу менен этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн көбүндө бүгүнкү күнгө чейин эсинде калган.[21]
Этникалык азчылыктардын көбү негизинен президентикке койгон түндүктүк талапкерге же жетекчиси түндүктөн болгон саясий партияга добуштарын беришет. Ошентип, ар бир кыргыз саясатчы этникалык азчылыктардын, өзгөчө өзбектердин добуштарын алууга умтулушат. Шайлоолордун убагында кыргыз саясатчылар этникалык азчылыктардын колдоосунан пайда көрүп, өздөрүнүн шайлоо командаларына өлкөдөгү басымдуулук кылган улутка кирбеген таасирдүү кишилерди чакырышкан. Башка өзбек ишкердин, Ильястын сөздөрүнө караганда, Жапаровдо ошончо керек болгон “эрки” бар болуп, түбү да түндүктөн болгонун белгилеген. “Биз советтик союздун мезгилинен тарта түндүктүктөргө колдоо көрсөтүп келе жатабыз. Түштүктөргө караганда, түндүктүктөрдө улутчул ой-жүгүртүүсү сейрек кезигет. Ошондой эле, алар ачык эле кылмышкерлерге каршы чыгышы мүмкүн. Ошондой ишеним менен жагымдуулуктун айынан түштүктөгү өзбектер Кыргызстандын түндүгүнөн чыккан саясатчыларды тандашат, себеби алар дагы деле өзбек жамааты олуттуу жабыр тарткан 2010-жылкы Оштогу курч жаңжалын унутуша элек” деген сөздөрүн билдирген.[22] Мадумаров сыяктуу этникалык улутчулдукка көбүрөөк шектелген саясатчыдан айырмаланган Жапаровдун экономикалык популизми менен маданий консерватизмдин/улутчулдуктун ортосундагы айырманы көрүү чоң мааниге ээ.
2013-жылы этникалык таандуулукка негизделбеген “кыргызстандыктардын” жарандык иденттүүлүгүн түзүүнүн стратегиясы расмий түрдө кабыл алынган. Кийин, бул чечимдин негизинде, улуттук паспортунда жарандын этникалык таандуулулугун билдирип турган графасы жоюлган. Бирок, Жапаров бийликке келген соң, бул графаны учурдагы Конституциянын негизинде Жогорку Соттун кабыл алган чечимине жооп катары жарлыгы менен кайрадан киргизген. Бирок, Кыргызстандын жарандарынын паспортторунда “улуту” деген графасы кайра пайда болот. Бул кырдаал этникалык азчылыктарды, өзгөчө 2010-жылы жабыр тарткан өзбектердин тынчын кетире баштаган. Канча болсо да, улутун көрсөтүүсү жарандардын каалоосунан көз каранды, ошондуктан эгерде алар бул графасын көргүсү келбесе, арыз жазуусу кереги жок.[23]

Download 433.13 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   35




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling