Qirgiz respublikasi konstitusiyasi


Download 433.13 Kb.
bet35/35
Sana16.06.2023
Hajmi433.13 Kb.
#1495432
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   35
Bog'liq
Qirgiz konstitutsiyasi

Корутунду
Жапаров мыйзам үстөмдүгүнө кайдыгер мамиле жасаганына карабастан эл эмне себептен ага колдоо көрсөткөнүн түшүнүү үчүн өзбек бизнесмендеринин коопсуздук стратегияларына көңүл буруу керек. Алар “карама-каршы” инсан болгон, бирок ошол эле убакта мыйзамдын адилетсиздигин жон териси менен сезген жана башка күчтүү “мафияларга” туруштук көрсөтө билген бирөөгө ишенишет. Кыргызстандын мисалында мамлекеттин, бизнестин жана кылмыштуулуктун ортосунда болгон чектер билинбей калган.[24] Буга карабастан, канатын кеңири жайган паракорчулук менен күрөшүүгө болгон каалоосун көптөгөн жөнөкөй жарандар билдирип жатканын көрүүдөбүз. Тилекке каршы, учурдагы шарттарда укук коргоо органдар менен бийликти кармап турган башка ыйгарым укуктуулардын “доляны” жана пара алууну опузалагандарын токтотуу чоң кыйынчылыкка жатат.[25] Жогоруда келтирилген мисалдар көрсөткөндөй, милиция, соттор жана прокурорлор паракорчулукка белчесинен батып калган, себеби укук коргоо органдарында жүргүзүлө турган реформалар донорлук уюмдар менен жарандык коомдун мүчөлөрүнүн күтүүлөрүн көптөн бери актабай келген. Реформалардын жүргүзүлүшүндө болгон ийгиликсиздик бүгүнкү күнгө чейин уланып келген авторитардык саясий система менен алсыз жергиликтүү башкарууга келип такалган.[26]
Адамдардын инсандыгы менен кыйынчылыктары алар каалаган мамлекеттик бийликтин потенциалдуу башчысы менен эреже катары шайкеш келет. Карапайым элдин баалуулуктарын чагылдырган саясатчылар элдин көңүлүн алат. Жапаровдун учурунда болсо, эл анын жалпы тажрыйбасын, “кайраттулугун”, жана “улутчул идеалдары” төмөн болгон “түндүктүк” адамдын иденттүүлүгүн өздөрүнө окшоштуруп башташкан. Бул аспекттердин баардыгы элдин чогулушуна түрткү берген.
Мыйзамдар иштебей, эл соттук адилетсиздиктен тажап, мамлекетке болгон ишеним жокко чыгып калган мезгилде алар адилеттүүлүктү издөө менен өзгөрүулөргө болгон үмүтүн актоону көздөп мыйзамдарга баш ийбеген Жапаров сыяктуу “карама-каршылыктын сезимин” туудурган адамдарга колдоо көрсөтө баштайт. Ошол эле убакта бизнесмендер өздөрүнүн кырдаалын “күтүү абалы” катары мүнөздөп, иш мындан ары кандай кетээр экен деген ой менен күтүп отургандарын белгилешти.
Dr. Aksana Ismailbekova is a research fellow at the Leibniz-Zentrum-Moderner Orient (ZMO). Her research work focuses on kinship, ethnicity, patronage, conflict and gender in Kyrgyzstan. Her monograph Blood Ties and the Native Son: Poetics of Patronage in Kyrgyzstan was published by Indiana University Press in 2017.
Image by Andrea Kirkby under (CC).
[1] Аксана Исмаилбекова, Кыргызстандагы баш аламандыктардын негизинде жайгашкан муундар аралык жаңжалы, The Diplomat, откябрь 2020, https://thediplomat.com/2020/10/intergenerational-conflict-at-the-core-of-kyrgyzstans-turmoil/
[2] Азамат Темиркулов, Кыргыздын кыялы жана Садыр Жапаровдун феномени, Борбордук Азиядагы Роза Люксембург атындагы фонд, Medium, январь 2021, https://rosaluxca.medium.com/
[3] Махабат Садырбек, Кыргызстандагы президенттик шайлоолор жана референдум, Кыргызстандагы “демократиялык экспериментинде” эки кадам артка ташталдыбы? Борбордук Азиянын талдануусу, 145, январь 2021, https://laender-analysen.de/zentralasien-analysen/145/praesidentschaftswahl-und-referendum-in-kirgistan-zwei-schritte-zurueck-im-kirgisischen-demokratie-experiment/
[4] Гульзат Байалиева жана Жолдон Кутманалиев, Камакта отурган саясатчынын эс оодарылчу ылдамдыкта бийликке келишине социалдык тармактардын тийгизген таасирси, openDemocracy, октябрь 2020, https://www.opendemocracy.net/en/odr/how-kyrgyz-social-media-backed-animprisoned-politicians-meteoric-rise-to-power/
[5] Исмаилбекова Аксана. 2017. “Туугандык байланыштар жана өз уулу: Кыргызстандагы жан тартуучулуктун “ыр-саптары” Blood Ties and the Native Son: Poetics of Patronage in Kyrgyzstan. Bloomington: Indiana University Press.
[6] Аксана Исмаилбекова, Өз баласы: Садыр Жапаровдун Кыргызстанда көтөрүлүшү, openDemocracy, январь 2021, https://www.opendemocracy.net/en/odr/native-son-the-rise-of-sadyr-japarov-kyrgyzstan/
[7] УСК (Улуттук статистикалык комитет), 2009. 2009-жылдагы Кыргыз Республикасында калкты жана турак жай фондун каттоосу, 1-Китеп. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Бишкек.
[8] Лиу Морган. 2012. Соломондун тагынын алдында. Оштогу жаңылануулар боюнча өзбектердин көз-караштары. Питтсбург: Питтсбург университетинин басмаканасы; Мегоран Ник. 2013. Жалпы мейкиндик, бөлүнгөн мейкиндик: Ошто болгон этникалык окуялардын баяндамасы. Айлана чөйрө жана пландоо A 45(4), 892–907 бет.
[9] Ошол эле жакта.
[10] Сергей Абашин, Кыргызстандагы улуттук курулуш жана өзбек азчылыгынын маселеси, Фергана жаңылыктары (Fergana News), март 2012, http://www.fergananews.com/article.php?id=7126
[11] Исмаилбекова Аксана. 2018. Кыргызстандын түштүгүндө турган өзбек бизнесмендери үчүн кооптуу жана коопсуз жерлер. IQAS 49-Том / 2018 1–2, 41–60 бет.
[12] Марк фон Бёмкен, Конрад Шеттер, Хафиз Бобоёров, Нина Багдасарова жана Жоомарт Сулайманов, Кыргызстан менен Таджикистандагы жергиликтүү коопсуздуктун камсыздалышы. Күнүмдүк турмушта коопсуздуктун камсыздалышы (The Production of Securityscapes by Everyday Practices), BICC Working Paper 5/2016, Эл аралык Бонндогу конверсия боюнча Борбор (Bonn International Center for Conversion (BICC)), май 2016, https://www.bicc.de/uploads/tx_bicctools/working_paper5-1_01.pdf
[13] Ыдырыс Исаков, Бандиттерге толгон Ош, Азаттык Радиосу, сентябрь 2018, https://rus.azattyk.org/a/29491208.html#player-set-time=4.259495
[14] Эрнист Нурматов, Өмүрзаковдун спортчулары Ошто кол тийбестиктен пайдаланып жатабы?, Азаттык Радиосу, июль 2016, https://rus.azattyk.org/a/27881112.html
[15] ОШол эле жакта.
[16] Эл гезит, ИИМнин башчысынын, Сүйүнбек Өмурзаковдун иниси, прокурор Улук Өмүрзаков кармалды, ноябрь 2020, https://elgezit.kg/2020/11/12/zaderzhan-prokuror-ulukbek-omurzakov/
[17] Today.kg, Убактылуу кармоочу жайда Улукбек Өмүрзаковдун кармалышы анын адвокатынын ою боюнча мыйзамсыз болуп жатат, январь 2021, https://today.kg/news/411336/
[18] Азаттык Радиосу, Рейдерчилик айыпы боюнча кармалган прокурор Өмүрзаков эркиндикке чыкты, RFE/RL, январь 2021, https://rus.azattyk.org/a/zaderzhannyy-po-podozreniyu-v-reyderstve-prokuror-omurzakov-vyshel-na-svobodu/31078504.html; Sputnik.kg 20 миллион төлөндү – КР ИИМ башчысынын орунбасарынын иниси түрмөдөн үй-камагына чыгарышты, февраль 2021, https://m.ru.sputnik.kg/society/20210201/1051299107/ulukbek-omurzakov-domashnij-arest.html?mobile_return=no
[19] Оштогу кабарлоочум менен Zoom платформасы аркылуу жүргүзүлгөн интервью, Zoom, 07.02.2021
[20] Президент, Референдум 2021, Кол аркылуу эсептөөнүн жыйынтыгында БШКнын акыркы маалыматтары, AKI Press, https://akipress.org/elections/president2021/?hl=ru#region-2
[21] Эрика Марат, Кыргызстан: плюрализмдин келечеги, Плюрализм боюнча глобалдык борбору (Global Centre for Pluralism), ноябрь 2017, https://www.pluralism.ca/wp-content/uploads/2017/11/ericamarat_prospectsforpluralism_RU.pdf
[22] Аксана Исмаилбекова жана Филипп Лотхольц, Кыргызстандын түштүгүндө болгон жаңжалдардан он жыл өткөн соң: келечектеги абалы, кесепеттери жана жасалчу кадамдар, Борбордук Азия боюнча программа, июль 2020, https://centralasiaprogram.org/archives/16380?fbclid=IwAR2UZqrzfKRXotQtGjgpKWxbQHnhdkoy79xxd7vg-4l2RxWVg6t3di3J774
[23] 24.kg, Кыргызстандыктардын паспортторунда “улуту” графасы кайрадан пайда болот, октябрь 2020, https://24.kg/vlast/169312_vpasportah_kyirgyizstantsev_vnov_poyavitsya_grafa_natsionalnost/
[24] Эрика Марат, Борбордук Азияда кылмыштуулук менен мамлекеттин ортосундагы өз ара байланышы: мамлекеттин алсыздыгы, уюшкан кылмыштуулук жана Таджикистан менен Кыргызстандагы коррупция, Борбордук Азия жана Кавказ боюнча Институту &Жибек-Жолун изилдөө боюнча программасы, октябрь 2006, https://isdp.eu/content/uploads/publications/2006_marat_the-state-crime-nexus-in-central-asia.pdf
[25] Орусиялык жана Евразиялык Институт (IRES) тарабынан уюштурулган «2019-2020 жылдардын шайлоолорундагы саясат менен коом жана Кыргызстандагы Конституциянын кайрадан каралып чыгышы» аттуу Тегерек столдун учурунда берилген комментарий үчүн Натан Лайтка ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин, февраль 2021.
[26] Эрика Марат, Кыргызстан менен Таджикистандагы ЕККУнун полициясын реформалоо программалары: Мурунку кыйынчылыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр, EUCAM, октябрь 2012, https://eucentralasia.eu/2012/10/osce-police-reform-programmes-in-kyrgyzstan-and-tajikistan-past-constraints-and-future-opportunities/; Эрика Маратка таандык болгон полицияны реформалоо боюнча саясат тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар:

2013-жылы Кыргызстанда улуттар аралык араздашуунун негизинде 30 келишпестиктер орун алган болсо, 2017-жылы анын саны 13 болуп, бир кыйла азайган.


Негизинен күнүмдүк турмушка байланыштуу себептерден улам, ар кандай конфликттер келип чыгат. Кабарчыбыз Кыргызстандагы ар улуттун өкүлдөрүнүн жашоо турмушу менен таанышып келди.
Бекем мамлекеттин өзөгү - ынтымакта жана биримдикте. Ынтымак тынчтыкты жаратат. Ал эми үй-бүлөнүн тынчтыгы - мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Download 433.13 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   35




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling