Qirgiz respublikasi konstitusiyasi
Коопсуздукту издей II: “доля” системага жана паракорчулукка болгон каршылык
Download 433.13 Kb.
|
Qirgiz konstitutsiyasi
Коопсуздукту издей II: “доля” системага жана паракорчулукка болгон каршылык
Бир катар кафелердин ээси, Акбар, “доля” аттуу системасын (бизнестен келип тушкөн пайданын коррупцияланган мамлекеттик органдарга же кылмыштуу топтордун капчыгына кеткен пайызы) жоюууга жана паракорчулук менен күрөшүн жүргүзөөрү туралуу билдирүүсүн жасагандыгы үчүн Жапаровго колдоо көрсөтүп, өз добушун ага салган. Ошондой эле, Акбар Жапаров түрмөдө отурганын, адилетсиздикти жон териси менен сезип, жашоодогу кыйынчылыктарын башынан кечиргендигин кошумчалап белгилей кеткен. Өзбек ишкерлердин абалына көз чаптыра турган болсок, анда Акбар төмөнкүдөй түшүндүрмө берген: “Биздин ишибизди сактап калуу үчүн өкмөт эмне десе, биз аны аткарышыбыз керек. Биз өкмөткө каршы чыкпайбыз”. Жапаровдун президенттикке келгенден бери өзгөрүүлөр орун алды беле деген суроомду бергенде Акбаров оң жообун берген. Анын айтымында, “Ош шаарындагы маанилүү мамлекеттик органдарда иштеген Кадыр Алиевдин [жашырын ат] кичүү иниси Орон районунда [жашырын ат] милициянын башчысы болгон. Алар өз “долясын” (кирешеден түшкөн пайдасын) жада калса күн караманын уруктарын сатып жаткан сатуучулардан дагы алууга үлгүргөн (б.а. майда соодагерлерден, мисалы унаа жуучу кызматын көрсөткөндөрдөн, чакан гараждардан, азык –түлүк соодасынан, коомдук тамактануу жайлардан, дүкөндөрдөн ж.б.у.с. акча каражаттарын өндүрүшкөн). Алиевдин кичүү иниси бийликке биринчи жолу келгенде, ал ар бир ишкерди өз кабинетине (участкалык милиционердин чакыруусу аркылуу) чакырып, анын “жаңы ээлеген кызматы менен куттуктоо үчүн” өзүнүн кирешеси менен бөлүшүүнү (“долясын”) ачык эле талап кылган. Акбар ага 2000 сом өлчөмүндө акчаны берип, өзүндө жеткиликтүү болгон ошол эле көлөмү бар болгонун белгилеген. Ошондой эле, ишкерлерден өздөрүнүн телефон номерлерин берүүсү талап кылынган. Алиевдин инисинин керектөөсүнө жараша, алар “кабинетке” чакырылмакчу. Мисалы, Алексей Романов дайыма эки килограмм этти сурап, ай сакйын бир жолу 6-7 киши болуп өзүнө жана досторуна ресторандан пловду буйрутмага берчү. Башка милиционерлер дагы келип, кафелердин ээлеринен коомдук жайдын кызматын акысыз көрүүсүн талап кылышкан. Бул чиновник бир гана жергиликтүү ишмерлерге эмес, ошондой эле мамлекеттик чиновниктерди коркутууга алганы белгилүү, мисалы: “ “Менин угушумча, сиз чоң тендерди утуп алыптырсыз, менин “бөлүгүм” кайда?” деген сөздөрүн айтуу менен, бактыга жараша кийин бул киши кызматтан алынган. Анын ордун ээлеген учурдагы киши элдин айтканына караганда ишенимдүү мамлекеттик кызматкердей болуп көрүнүүдө (“таза бала экен” деген сөздөр тараган).” Башка ишкер, Алишер электротармактагы болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берген: “Менде менин ресторанымды иштетүү үчүн 20 киловатт өлчөмдөгү электрокубаттуулуктун запасы бар. Ага мен 120 000 сом төлөгөм. Бирок, кышында электркубаттуулуктун колдонулушу бул сандан ашат, анткени ресторандын ичин жылытууга жана башка кошумча керектөөлөргө көп электркубаты сарпталат. Жайында болсо балмуздак ж.б.у.с. азыктарды тоңдуруум керектелет. Бул себептерден улам, жайкысы да, кышкысы да бул чектөөдөн ашып түшөбүз. Ошондо мага дароо электркубаттуулук боюнча текшерүүчү келип, менден дагы кошумча акча каражаттарын (“доляны”) талап кылышат. Текшерүүчү мага айып пулдун толук көлөмүн же мамлекетке же жарым көлөмүн өзүнө төлөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган. Албетте, мен айып пулдун жарым көлөмүн текшерүүчүгө төлөөнү тандагам.” Көрүп тургандай, электркубаттуулуктун запаска 30 же 40 киловатт алууга шарт жоктой; эгерде шарт болгондо, мамлекеттик бийлик өздөрүнүн “долясын” алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылмак. Бунун ордуна алар 20 киловаттка гана уруксат берип, текшерүүчүлөр келип, тартип бузуулардын маселесин өзүнчө “чечип” кетишет. 30 киловаттан өйдө электркубаттуулукту алуу үчүн мамлекет ресторандын ээсине 500 миң сом турган трансформатарды сатып алуусун талап кылат. Мындан сырткары, ал архитектордон, техникалык инспектордон, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана эң акырында коомчулуктун уруксатын алууга тийиш. Трансформаторду алуу кыйынга жаткандыктан, ишкерлер уруксат берилген 20 киловаттын чегинде калууга мажбур болуп, “доляга” кошумча болгон башка чыгымдарды тартууга аргасыз калышат. Башка өзбек респонденттин мени менен тузгөн маегинде, жергиликтүү милиция бой көтөргөн (уяты жоктугу) жагынан кылмышкерлерден ашкан адамдар болуп саналып, ишкерлердин абалын эч кандайынан түшүнүшпөгөнүн белгилеген. Кылмышкерлер расмий мыйзамдардан да ашкан күчтүү көзөмөлдү орнотушат. Маек курган адамдын сөзү боюнча, эгерде “милициядан” акча берип кутулуп кете алсаңыз, кылмышкерлерден акча берүү менен кутулуу өтө кыйын болот. Өзбек ишкерлер “көчө балдарга”/кылмыштуу тармактарга өз “долясы” менен бөлүшүүгө мажбур болуп, “грев” (акчалай которуу, же түрмөдө отургандарга жиберилген жөнөтмө) дегенди соттолгондорго, өзгөчө айтканда “братваларга” (кримтөбөлдөргө) чогултууга милдеттендирилген. Ишкерлер соттолгондорго кичине көлөмдөгү акча каражаттарды бөлүп чыгарып беришет (тамак-ашына, тамекисине, самынга). Мамлекеттик бюджет камалгандар үчүн абдан эле чектелген. Балким, бардык кафе менен ресторандардын аталыштары камакта отургандар тарабынан таанылып, бул процесс “отметка” деген аталышка конгон. Ишкерлер кылмышкерлерди “уяттуураак” деп сыпатташкан, анткени эгерде алардын ишмердүүлүгү өркүндөп, өсүп кетпесе, төлөмдү алуу үчүн бираз күтүшү керек болуп калаарын түшүнүшкөн. Сурамжылоомо катышкан кишилердин үчөөсү “бети жок” милиция аларга акыркы убактын ичинде келбегенин айтышып, алардын келбегени эле жакшы жаңылык экенин белгилешкен. Бирок, биз окуялар кандай болуп кетишин байкап, күтүүгө аргасыз болуудабыз – учурда бийлик алмашып жаткан кезине күбө болуп турабыз. Бул мезгилди ишкерлердин көбү “күтүү мезгили” деп аташат. Download 433.13 Kb. Do'stlaringiz bilan baham: |
Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©fayllar.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling
ma'muriyatiga murojaat qiling